«Мадина» базарындагы 70 миң долларлык контейнер маселеси Садыр Жапаровго кайрылгандан кийин чечилди

22-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 78

2026-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине «Мадина» базарынын сатуучусу кайрылып, 70 миң АКШ долларына контейнер сатып алганын, бирок натыйжада контейнерсиз калганын билдирип, аталган маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Аталган кайрылуу боюнча маселе чечилип, жарандын көйгөйү өз чечимин тапты. Өз кезегинде жаран Кыргыз Республикасынын Президентине жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Тилек Тюкебаевге көрсөтүлгөн көңүл буруу жана маселени чечүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

22-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 78
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X