«Мадина» базарынын түштүк тарабында жайгашкан кафе, ашкана жана бастырмалар буздурулду.Бул тууралуу мэрияынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, объектилер жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыктын доо катынын негизинде ээси тарабынан ыктыярдуу түрдө буздурулган. Иштин жүрүшүндө 186 чарчы метр муниципалдык жер бошотулган.
Буга чейин башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты бошотуу боюнча эскертүү берилген.
Мындан тышкары, Абакан көчөсү, 121 дарегинде жайгашкан 52 даана жеңил объектилер ыктыярдуу түрдө алынды. Жер тилке жашылдандыруу үчүн ижарага берилген, бирок багытсыз пайдаланылып, контейнерлерди сактоо үчүн колдонулуп келген. Ал жерде аныкталган мыйзам бузуулар боюнча башкармалык тарабынан текшерүү актысы түзүлдү.