"Эркин-Тоо"

Мага бакыт сезилген нерсе апама балээ сезилет…

       Эмир Эргешов      

Ушунчалык толуп-ташып, өтө көп сөздү сүйлөп жиберчүдөй болуп Акылай жашаган батирге жетип келгеним менен, анын бактылуу каректерин көргөнүмдө апам айткан ачуу кептерди ага угузууга жүрөгүм даабай койду. Ойлоно баштадым, айтуум туурабы же туура эмеспи деп… Айтпасам азыр жакшы, бактылуулугун сактап кала алам. А бирок, эртедир-кечтир билинет да… Эч ким айтпаган күндө да бир күн келет, Акылайды үйгө жетелеп барчу күнүм. Апам сөзсүз айтат баягы ачуу кептерин. А мен мындан башка кызды көргүм да келбейт! Ушул гана кыз мени оор сезимдердин, армандын туткунунан бошотуп алууга себеп  боло алды.

— Көпкө күттүңбү???  Эркелете тиктедим аны.

Ал адаттагыдай жадырай күлүп, оң ийинин куушуруп койду. Анан унчукпай басып келип чачтарымды сылап, мандайымдан жыттап койгонучу!.. Кадимкидей жаным жай ала түшөт Акылайдын ар бир кыймылынан. Мынчалык мээримдүүлүктү, мынчалык алпейимдикти жаш туруп кайдан үйрөнгөн дейм ичимден таң калып. Балким жакшы адамдар өзү эле ушундай мээрими менен кошо жаралса керек… Айтсамбы, айтпасамбы…

Экөбүзгө кофе даярдап журүп кыз мени улам суроолуу тиктеп коюп атты. Бул анын менден сөз күткөнү. Демейде көп жаңылык, жакшы сөздөрүм менен келчүмүн, бул ирет кашайып ага эң оор тийчү сөздөрдү айтышым керек болууда. Болгондо да ошол сөздөрдү буга катуу тийбегидей кылып, жумшактап этияттап айтышым керек. Болбосо башкалар орой, ачуу бойдон айтышат буга. Улам-улам туталанып, кара терге түшүп атып араң сөз баштадым…

— Акылай, апама сен тууралуу айттым, жакында үйлөнөрүбүз тууралуу да айттым

Ал болгон ынтаасын кое тигилип калды көздөрүмө, ичинен санааркай түшкөндөй сезилди мага.

— Апам сөзсүз бактылуулук каалайт дечи экөбүзгө, бирок… Сен түшүнөсүң да, ал бир сыйра чочуду сен тууралуу толук айтканымда, анан ачууланды, кыйкырды… Бирок сен эстүүсүн жаным, апам башында ошенте бериши мүмкүн, акырында баарыбир сени жакшы көрүп калат. Бир аз убакыт чыдап коюшубуз керек, ачуусу тарайт…

Акылайдын каректери мурункудан да терең санаага бата түшүп, мени телмире тиктеп турду. Эгер ал азыр сүйлөй алса өтө көп нерселерди айтмактыр мага… Бирок бир нерсени түшүндүргүсү келгенин байкадым…          (уландысы бар)

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!