Дүйнө жүзүн өз философиясы менен тамшанткан Махатма Гандиден жашоо тууралуу пайдалуу 5 кеңеш:
- Эгер дүйнөнүн өзгөрүүсүн кааласаң, анда өзгөөрүүнү өзүңдөн башта.
- Өзүңүздү көзөмөлгө алууну үйрөнүңүз. Негативдүү эмоциалардан арылыңыз. Кайгыруунун ордуна кубануу, ачуулануунун ордуна сабырдуу болуу сизден гана көз каранды.
- Кечиримдүүлүк – күчтүү адамдын белгиси. Алсыз адамдар эч качан кечире алышпайт. Кечиримдүү болуу деген эркин болууну түшүндүрөт. Бардык таарынычтарды унутуу керек.
- Бир грамм жеке тажрыйба – башкалардын тонналап берген кеңештеринен алда канча баалуу. Аракет кылыңыз, баштаңыз. Жалгыз гана ойлор жана кыялдар менен чектелип калуудан алыс болуңуз. Аракет гана максатка алып барат.
- Ойлоруңуз, сөздөрүңүз жана жасаган иш-аракеттериңиздин шайкеш болуусу – чоң бакыт.