"Эркин-Тоо"
Пайдалуу кеңеш

Махатма Гандиден жашоо тууралуу пайдалуу 5 кеңеш

Дүйнө жүзүн өз философиясы менен тамшанткан Махатма Гандиден жашоо тууралуу пайдалуу 5 кеңеш:

  1. Эгер дүйнөнүн өзгөрүүсүн кааласаң, анда өзгөөрүүнү өзүңдөн башта.
  2. Өзүңүздү көзөмөлгө алууну үйрөнүңүз. Негативдүү эмоциалардан арылыңыз. Кайгыруунун ордуна кубануу, ачуулануунун ордуна сабырдуу болуу сизден гана көз каранды.
  3. Кечиримдүүлүк – күчтүү адамдын белгиси. Алсыз адамдар эч качан кечире алышпайт. Кечиримдүү болуу деген эркин болууну түшүндүрөт. Бардык таарынычтарды унутуу керек.
  4. Бир грамм жеке тажрыйба – башкалардын тонналап берген кеңештеринен алда канча баалуу. Аракет кылыңыз, баштаңыз. Жалгыз гана ойлор жана кыялдар менен чектелип калуудан алыс болуңуз. Аракет гана максатка алып барат.
  5. Ойлоруңуз, сөздөрүңүз жана жасаган иш-аракеттериңиздин шайкеш болуусу – чоң бакыт.