"Эркин-Тоо"
Аймак

Май айында Кара-Суу районунунда калкты тейлөө борбору ачылат

Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Ал үчүн райондун карамагындагы «Кыргызтелеком» ишканасынын эски имараты алынып, учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Аталган мекеме май айынын башында ишке кирип, жергиликтүү тургундарга кызмат көрсөтө баштайт,-делет маалыматта.