"Эркин-Тоо"

Майлуу-Сууда тургундарга жылуулук берилип баштады

Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында №3 отказан иштеп баштап, 375 абонентке жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында айтылат.

Кабарлангандай, учурда кезек-кезеги менен үйлөргө жылуулук берилип баштады.

«Майлуу-Сууда №3 отказанды кайрадан иштетүү үчүн жаңы 500 метр узундуктагы желим түтүк Майлуу-Суу дарыясына чейин тартылып, суу насосу орнотулган. Ал эми буга чейин 1 миң 234 абонентти жылуулук менен камсыздаган №1 жана 198 абонентке жылуулук берген №4 отказан ишке берилген», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда шаар тургундарын таза суу менен камсыздоо максатында дагы да болсо суу түтүктөрүн эритүү иши аракеттери жүрүп жатат.

Министрликтин маалыматына караганда, азыркы тапта шаарда жалпы 243 кызматкер, суу ташуу үчүн төрт өрт өчүрүүчү унаа жана бир экскаватор, бир трал, 44 техника кызматкери тартылды.

Эске салсак, ушул жылдын 12-январь күнү Майлуу-Суу шаарында катуу сууктун кесепетинен калкка таза суу берүү үзгүлтүккө учураган. Суу берүү системасынын башкы суу сактагычында жана суу берүүчү түтүктөрдө суулар тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн.

Шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отказандардын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган. Мындан улам шаарда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!