"Эркин-Тоо"

Маймыл чечек оорусу пандемия деп жарыяланды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда медицина кызматкерлеринен түзүлгөн коалиция маймыл чечек оорусун пандемия деп жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, илимпоздордун ар кандай топторун бириктирген Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо тармагы (WHN) коалициясы маймыл чечекти пандемия деп жарыялап, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун алдыдагы жыйында пандемиянын башталышын жарыялоого чакырды.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча маймыл чечек оорусунун 2100дөн ашуун учуру аныкталган. Бул оору менен ооругандар Испанияда, Германияда, Улуу Британияда жана Түштүк Кореяда катталган.
23-июнда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маймыл чечек оорусун пандемия катары жарыялоо чечими уюмдун жыйынынын алдында кабыл алынды. Өлүмдүн деңгээли төмөн болсо да, уланып жаткан жайылууну токтотуу үчүн чара көрүлбөсө — бул иш жүзүндө миллиондогон адамдар өлүп, дагы көптөгөн адамдар сокур жана майып болуп калышат деп айтылат маалыматта.
Маймыл чечекти коомдук өзгөчө кырдаал катары белгилөө — эпидемия бир өлкө же аймак менен гана чектелбестигин, алдын алуу үчүн токтоосуз чара көрүү керек экенин көрсөтүп турары да белгиленет кабарда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!