"Эркин-Тоо"

МАЙРАМБЕКТИН «ЖАЛГЫЗ УЯДАГЫ» СҮЙҮҮ СЕЗИМИ

Токтогул жергесинин топ жарган таланттарын кимдер билбейт. Уккулуктуу обондору менен кыргыз классикасына айланган обончу-композиторлор Асанкалый Керимбаев, Шамшыбек Өтөбаевдер да таланттарга бай Токтогул жергесинен. Мезгилинде эки обончу жөнүндө арзып жүрүп гезит аркылуу сөз кылдым эле, аттиң. Бири кем дүйнөнүн арманы, алардын керемет обондорун угуп отуруп дагы кандайы өздөрү менен кошо кетти деп өкүнөсүң. Обончунун кудуретин анын жан-дүйнөнү эргиткен музасынан билесиң дегендей, Асанкалый менен Шамшыбектин обондорундагы турмуштук терең философияга муюткан кайрыктарына арбалуунун өзү, обончунун жан-дүйнөсүнүн сыйкыры. Жазган макалаларымда экөөсүнө ушундай баа бергем. Чын, Асанкалыйдын « Ак булуттары», Шамшыбектин «Ата-Журту» музыканын тили менен жазылган роман, Алыкул Осмонов менен Омор Султановдун бактысына бир жаралып, ырларына экинчи өмүр берген элдик композиторлор. Кана эми, ушу экөөсүнүн үзүлгөн учугун улачу обончумузыканттар дагы да чыгар бекен деп, жамырап чыга келишкен жаш обончулардын арасынан издеп келем.

Айткандай эле бир жолу капысынан обончу-аткаруучу Майрамбек Осмоновдун «Жалгыз уя» деген керемет обонун угуп калбадымбы. Мурда бир да жолу укпаганыма өзүмдү-өзүм жемелей таң калып жаттым. «Мына, мен күткөн обон. Канча жылдар күтүп жүрдүм эле» деп ордуман тура калсам болобу отургандарды көзгө илбей, «Асанкалый, Шамшыбектер өлбөптүр!» деп, бакырып жиберипмин. «Мунуң эмнеси, ушунчалык эле өзүңө сыйбай безилдейсиң» дегендер да болду. Кана эми сен эргип элестеткен асыл дүйнөнү башкалар сен туйгандай кабыл алса. Жок да. Кийин Майрамбектин обондорунун турмуштук философиясын Асыкемдин «Ак булуттарын» кандай тереңдикте уксам, Майрамбектин «Жалгыз уясын» да жүрөк тереңинен оош-кыйыштуу турмуш өксүгү, кусалыгы, сагынычы менен укчу болдум. Кийин Майрамбек Осмоновдун «Сезим» обонун угуп отуруп «мына махабат азабы» деп бири-бирине жетпей калган эки жашты аяп уктум. Музыкадагы айтып бүтпөгөн философиялык тереңдик деп ушуну айт. Кийин сурап жүрбөйүмбү Майрамбек Осмонов деген обончу-аткаруучу, куудул кайдан болот деп. Көрсө мен арзып урматтаган Асыкем менен Шамшыкемдин үкөлөрүнөн, Токтогулдук топ жарган таланттарынан экен. Оо, Токтогул жергесинин таланттарын айтып отурсаң четтен чыгат. Сексенинчи, токсонунчу жылдары бир обончунун «Айжамал»деген ырын угуп ушунчалык шаңдуу, жүрөккө жагымдуу керемет кайрыктарына тан берген болчумун, кайракайра уккандан тажачу эмесмин. Аны мен «Махабат чакырыгы» деп атап да алгам. Кийин ал обондуу ырдын автору Ашымбек Мамытбеков экендигин билип кайсы жерлик экендигин сүрүштүрбөй, жакында анын да Токтогулдук экенин уктум. Бирок, ал жигит « Айжамалынан» кийин кандай обондорду жаратты, бир жарк эткен жылдыздай көрүнбөй деле, угулбай деле калды. А мен кеп кылчу Майрамбектен үмүт чоң. Төп келиштирген обонунун текстин да өзү жазгандыгы мени дагы да үмүттүү каратып койду. Мындан келди Майрамбектин көп кырлуу таланттуулугу жараткан обондорунун терең мазмундуулугуна өбөлгө болот көрүнөт. Аткаруучулук чеберчилиги да кудум эле Асыкем менен Шамшыкемдин шаңдуулугуна окшошуп кетет. Рыспай Абдыкадыровдун, Асанкалый Керимбаевдин, Шамшыбек Өтөбаевдин обондун текстин тандоодогу өзгөчөлүк, чеберчилик Майрамбекте да бар экен деп койдум. Обондун текстин ойдогудай жазуу деген Майрамбектин көп кырлуу талантынын, өнөрүнүн кашкөй белгиси. А куудулдук жагын айтпа. Топчукесинин мурутун үчкө он беш мүнөт калгандай деп, жөн эле Топчукенин дикциясынын өзү. Эми Майрамбек иниме айтаарым, бул сенин өнөр аркалаган талантыңа таазим эткен биринчи баа. Сен жөнүндө сөз кылчу күндөр алдыда деп ойлоймун. Сага ак жол, чыгармачылык бийиктик каалайм.

Мурзапар Үсөн, жазуучу
№3 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!