Быйыл Кыргызстанда майрамдык айт намаз борбордук аянттарда эмес, мечиттерде окулат.
Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдарга байланыштуу элдин коопсуздугу эске алынуу менен кабыл алынган.
Айт намаздын программасы:
- саат 06:15—07:25 баяндар
- саат 7:25—7:30 Айт намаз окуу эрежесин түшүндүрүү, саффан сааф айтуу
- саат 7:30 орозо айт намазы.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт майрамы белгиленет