"Эркин-Тоо"

Сүрөтчү Майрамкул АСАНАЛИЕВ: «УЛУТТУН НАРКЫН БИЛГЕН ЖЕТЕКЧИ ЭЧ КАЧАН ЧЫККЫНЧЫЛЫККА БАРБАЙТ»

Майрамкул агабыз кыргыздын таланты ташкындаган чыгаандарынын бири. Тилекке каршы, тийиштүү деңгээлде баалай албай жүрөбүз. Өнөрүн толук түрдө колдонгонго шарт түзүп берелекпиз. Улут алдында чоң милдетти артынган агабызды ат жалында сөзгө тарттык.

— Майрамкул байке, ден соолугуңуз жакшыбы? Өткөндө бир жерден Манастын айкелдери боюнча айттыңыз эле, тереңирээк учугун чубай кетпейсизби?

— Былтыр нарк боюнча мыйзам кабыл алынды, ага өтө терең маани беришибиз керек эле. Биз карт тарыхта эбегейсиз чоң из калтырган улуу элдин бирибиз, ушул уңгудан өзөктү чубашыбыз керек. Мен сүрөтчү катары Манаска байланыштуу айкелдерди карап чыгып, баары шылдыңдагандай маанайда жасалганын байкадым. Мына Таластагыны карасаң, Манас атабызды жер каратып жасаган. Чет жакка коюлгандардын биринде ажыдаардын чокусуна кылыч сайдырыптыр. Бакай ата, Каныкей эненин образдары маскарапоздой болуп калган. Алар дүйнөлүк жалпы адамзатка үлгү болчу образдар да. Аны Манасты окубагандар жасап, өтө уят кылып жатышат. Мен архитектор менен да кезигип, Манаска эмне үчүн ажыдаардын чокусун сайдырып койдуң десем, “Ал ажыдаар кытай да” дейт. Манасты окудуңузбу десем, Грециянын мифологиясын айтты. Биздин абал ушундай. Кыргыз өзүнүн ички наркына, ички күүсүнө маани бербей калгандыгы ушул адамдан дагы көрүнүп турат. А жалпы эл уктап жаткандай. Борбордо бирин-серин топтор чогулганы менен, жалпы эл бөтөн элдин идеологиясына азгырылып кетиптир. Бул өтө коркунучтуу. 80%ы такыр бөлөк жакта жүрөт. Бул көрүнүш -​ мамлекеттүүлүктүн жок болуп баратканынын белгиси.

— Өзгөчө нерсени айттыңыз, Таластагы айкелдерде дагы кандай кемчилик бар?

— Жок дегенде кыргыздын анатомиясы жок. Баарын чампалаган. Ошолорду кой-ай деген киши жок, эксперттер карабайт. Мисалы, Россияга барып Илья Муромецти ушундай жасаса, “сен орустарды шылдың кылдың” деп эртеси эле камамак. Биздеги айкелдерди жасоону бизнесмендер, “кызыл кулактар” ээлеп алган. Акеси-үкөсү, кайниси, жээни болуп чырмалышып калган. Анын айынан буга чейин бизде курулган эстеликтердин баары туура эмес жасалып, элдин табитин бузуп жатат. Кыргыздын орнаментиндеги айкел коюла элек. Тарыхты карасак, кайсы бир элди жоготууда маңкурттарды колдоп, уңгулуу адамдарды кырган да. Кечээки Совет доорунда “пантүркизм” деген ат менен кыргыздын каймагын жок кылганын билебиз. К.Тыныстанов, Ж.Абдрахманов, Б.Исакеев, Т.Айтматов менен бирге кыргыз наркын, санжырасын мыкты билгендер атылган. Улуттун каймагын жок кылгандан кийин караламанды кайда айдаса кете берет экен да. Бөлөк баалуулукка киргизип алуу оңой турбайбы.

— Өзүбүздүн баалуулукту кантип барктаганды үйрөнөбүз?

— Кыргыздын тарыхы, салты, наркы кыргызга гана керек. Башка бирөө келип көтөрүп бербейт. Бири-бирибизди жөлөп-таяп, өзүбүздүн өзөктү ойготчу нерсени көбүрөөк жасашыбыз керек окшойт деген ойго келдим. Болбосо биздин келечек бүдөмүк болуп баратат. Мен Талас шаарына Манастын айкелин коюу үчүн барганымда, бир жерге конок болдук. Ал жерде бир аксакал: “Манас, комуз, төкмөчүлүк бул - ​ширк” деди. Башыма союл менен чапкандай эле болду. Кытайда бирөө өзүнүн улуттук баатырын ушинтсе, дароо жазасын бермек. Эч ким унчукпады, мен өзүмдү кармана албай, бул үч нерсе жок болсо, анда кыргыз - ​кыргыз болбой калбайбы, улуттук наркын жоготот. Анын артында мамлекет жок болбойбу, анда эле сенин ыймандуулугуң бир тыйынга турбай калат дедим. Албетте, бул көрүнүш менен жалпы элди күнөөлөштүн кереги жок, кыргыз идеологиясын калыптандырбай, адамдардын дили бузулушуна буга чейинки жетекчилер шарт түзүп койду.

Азыр курулган имараттардын ичи болобу, тойканалар болобу, улуттук колорит, кыргыздын оймо-чиймеси түшүрүлбөй, башка элдин улуттук белгилери чегерилип жатат, буга не дейсиз?

— Туура, улуттук колоритке, оймо-чиймелерге маани берилбей калды. Соодагерлер менен наркты билбеген чиновниктер улуттун өзөгүнөн алыстап кетиптир, имараттардын ичине, мамлекеттик эмблемаларда, салтанаттуу иш-чараларда кыргыздын колорити жок сүрөттөр тартылууда. Былтыр “Кумтөр” жарыялаган конкурска чукул калганда угуп катыштым, жыйынтыгы чыгар күнү ишкананын жетекчиси келди да, (тегерегинде жалаң бөлөк улуттун өкүлдөрү коштоп алыптыр, алардын баары кыргыз орнаментин көргөндө мырыя түшөт турбайбы) кадимкидей жийиркенишкенин байкадым. Эч бир кымырынып-кысынышпай, “момундайларды жок кылып, “современный” кылгыла” деди. Көрсө, булар кыргыздын колоритин жок кылуунун жолун дагы өтө өздөштүрүп алышыптыр, “современный” деген терминди колдонуп. Анан кыргыз орнаментинде кыргыздын канын, намысын ойготуучу улуу күч бардыгын билип, кыргыз жыттанган эмблемаларды ачык эле чекеге сүрүп ташташты. Аягында татарбы, уйгурбу, айтор бир жигитти утту деп койду. Бул жерде кыргыз өзүбүздү өзүбүз сыйлабай калгандыгыбыз ачык байкалды. Кылымдар бою калыптанган улуу дүйнөбүзгө, улуу маданиятыбызга маани бербей, тескерисинче чанып, башка элдин ырын ырдап калганыбыз көрүнүп калды. Бул абдан зээнди кейитүүчү көрүнүш. Негизи, бийликте улуттун намысын талашкан адамдар көп болсо дурус болмок. Улуттун наркын билген, кыргыздын улуулугун сезген жетекчи эч качан чыккынчылыкка барбайт.

Колорит демекчи, Кытайга барып иштеп келдиңиз эле, ал жакта кандай экен?

— Ар бир улуттун өзүнүн колорити болот. Кытайда эң биринчи өздөрүнүн колоритин карайт. Алар “современный” деп тамтаңдабайт, эң башкысы кытайдын колорити туруш керек. Мен Кытайдагы кыргыздардын арасында бир жылда 3 чоң долбоор жасадым. Ал жакта бийликке өтө билимдүү адамдар келет экен. Билимдүү, анан улутман адам менен иштешкен абдан жеңил экендигин ошол жактан сездим. Биздеги билимсиз, улут дегенди түшүнбөгөн адамдар менен иштешүүгө мүмкүн эмес. Ак-Тоо менен Улуу-Чаттын акими менен сүйлөшүп отуруп аябай толкундандым. К.Тыныстанов, Ж.Абдрахманов менен баарлашкандай болдум. Кытайдагы туугандарыбыз “Сен эмнеге жөндөмдүү экениңди билебиз, кызганбай, бүт жасап кет” деди. Үч долбоор бүттү.

Сиз кыргызды даңазалай турган өнөрдү ойготуп, калпак тиге баштадыңыз. Буга эмне түрткү болду?

- Кытайда жүргөндө көрдүм, уйгур туугандар өз баш кийимин ыйык тутуп, эч кимге кийгизбейт экен, а биз болсо калпактын кутун кетирип койбодукпу. Ош базарга барсаң синтипондон жасап, 100 сомдон сатып жатат. Баасын-баркын өзүбүз кетирдик эле, башкалар итке кийгизди, мончого да кийип жатат. Ошого абдан намыстандым. Ичим күйдү, өрттөндүм. Анан изилдедим, көрсө калпак - ​кыргыздын таажысы экен да. Илгери аталарыбыз “калпакты өйдө кой” деп урушчу. Жусуп Мамайга барганда да калпак боюнча сурадым. Калпакты Ала-Тоо деп чечмелеп, жээгин жердеген эл, чокусу - ​кырк уруунун биримдиги деген. Эң биринчи Улус атабыз кийген делет. Чокусуна бүркүттүн канатын такканда кыргыз деген эл чыгыптыр. Бир маалыматта Кудайдын баш кийими дептир, падышалар кийген экен. Илгерки сүрөттөрдү карасак деле, Иисус Христос, Чыңгыз хан ж. б. калпак кийген да. Сүрөтчүлөргө ошондой маалыматтар керек, чогулттум да, анан ойлоно баштадым. Санжыраларды бүт окуп чыгып, балким калпакты кийгенде кыргыз эсине келет деген ойго чулгандым. Бир жыл бою калпак жасоо технологиясын изилдедим. Калпак алайын деп кыдырдым, бирөө да жакпай койду. Анан өзүм жасайын деген ой келди. Атайын кийизди колго бышырып, жасадым. Менин калпагымды азыр бырыштырсаң, кайра эле жазылганда калыбына келет. Калпактын орнаментин дагы, сынын дагы иштеп чыктым. Синтипондон жасалган калпакты кие албайсың, башың ысыганда ыргытасың. Ал эми кийизден жасалган калпакты чечкиң келбейт. Калпакта чоң сыр бар, аны кийгенден кийин жаман сөз эмес, бирөөгө жамандык ойлобой каласың.

Зулпукаар САПАНОВ

№76 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 22-сентябры

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!