“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин жамааты белгилүү журналист Данияр Шабдановду журналисттердин кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктап, аны гезиттин өздүк сыйлыгы — “Мекенчил Мырза” медалы менен сыйлады.
Данияр Шабданов узак жылдар бою “Эркин-Тоо” гезитинде кабарчы болуп иштеп, андан соң Бишкек мэриясынын, бир катар министрликтер менен ведомстволордун басма сөз катчысы катары эмгектенген. Ал эгемендүү Кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө жана мамлекеттик маалымат саясатынын калыптанышына олуттуу салым кошкон.
Гезит жамааты белгилегендей, Данияр Шабданов кайсы тармакта иштебесин, өзүнүн жогорку маданий деңгээли, кесипкөйлүгү жана дипломатиялык сапаты менен кесиптештеринин сый-урматына ээ болгон.
“Эркин-Тоо” редакциясы кесиптешин кесиптик майрамы менен куттуктап, ага бекем ден соолук, узак өмүр жана чыгармачылык ийгилик каалады.

