"Эркин-Тоо"

Майыптыгы бар жарандарды ойлондурган көйгөйлөр

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Республика боюнча 217 миңден ашык майыптыгы бар адам жашайт. Анын ичинен 37 миңден ашыгы 18 жашка чейинки балдар. Гезитибиздин бул санында майыптыгы бар жарандардын учурдагы көйгөйлөрү тууралуу кененирээк маалымат берүүнү туура көрдүк. Алгач 10го жакын майыптыгы бар адам менен баарлаштык. Сурамжылоодо майыптуулугу бар жарандардын бирден-бир көйгөйү, бул төлөнгөн жөлөк пул көлөмүнүн аздыгы экендиги аныкталды.

Өлкөбүздө жөлөк пулдун өлчөмү 2021-жылдын октябрь айында 50%, 100%, 200%га көбөйтүлгөн. Ошондой эле 2022-жылдын башында жана май айларында дагы 2 ирет каражат кошулган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар боюнча бөлүмүнүн башчысы Максат Туларбек кызы жөлөк пул өлчөмдөрү тууралуу төмөндөгүдөй маалымат берди: “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пул боюнча мыйзамда эмгек стажы жок, учурунда соцфонддон чегерим кылбаган майыптыгы бар жарандарга социалдык жөлөк пул төлөнөт.

Жөлөк пулдун өлчөмдөрү:

18 жашка чейинки майып балдарга – 8000 сом

18 жаштан жогору:

1-топтогу бала кезинен майыптуулугу бар жарандарга – 8000 сом

2-топтогу бала кезинен майыптыгы бар жарандарга – 6600 сом

3-топтогу бала кезинен майыптыгы бар жарандарга – 5400 сом

Кийин кайсы бир жагдайдан улам майыптуулукка кабылган:

1-топтогу жарандарга – 5500 сом

2-топтогу жарандарга – 3000 сом

3-топтогу жарандарга – 2000 сом төлөнөт. Андан тышкары бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган адамдар үчүн райондук коэффициент менен үстүнө каражат кошулат.”

Мыйзамга 2024-жылдын 26-февралында өзгөртүү киргизилип, жаран же пенсияны, же жөлөк пулду тандап алганга укук берилген. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов: “129 миңден ашык жарандарыбыз эмгек стажын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп жүргөндүгүн эске алуу менен социалдык фонд аркылуу пенсия алышат. Мурун майыптуулугу бар болуп, 2-3 ай иштеп, жөлөк пул алып жүрүп эмгек стажы чыгып калган учурда пенсия үчүн министрликтен түз эле бизге жиберишчү. Бирок жаранга мындай жагдайда 2-3 айдын эсеби менен 1000 сомго жетпеген акча чыгып калышы мүмкүн эле. Ошондуктан мыйзамга өзгөртүү киргизилип, пенсия алууну, же жөлөк пул алууну тандоого укук берилген. Алар бир гана жолу тандай алышат”,-дейт.

Жөлөк пул жана жеке ассистент көйгөйү

Сурамжылоонун катышуучуларынын бири Айнура айымдын баласынын 2-топтогу майыптыгы бар, балдардын церебралдык шал оорусу менен (ДЦП) жабыркайт. Мындан улам жөлөк пул өлчөмүнүн аздыгы менен бирге керек учурда 2-топтогу майыптыгы барларга камкорчулук кызматынын каралбагандыгы көйгөй жаратып жаткандыгын айтат. Бул пикирге кошулуп, кээ бир учурда башка топтогу майыптыгы барлар да жеке ассистентке муктаж болорун айткандар көп. Камкорчулук кызматы 2019-жылы бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон 18 жашка чейинки 1-топтогу майыптыгы бар балдар үчүн киргизилген. Эмне себептен учурда 1-топтогулар үчүн гана жеке ассистент каралгандыгын билүү максатында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин майыптыгы бар жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетекчиси Назгүл Чолумовага кайрылганыбызда: “2022-жылдын июнь айынан тартып 18 жаштан жогору бала кезинен майыптыгы бар жарандарыбызга да киргизилди. Бирок толугу менен 1-топтогу жарандарга берилбейт. Дегеним, майыптуулукка кийин кабылган 1-топтогу жарандар үчүн жеке ассистент кызматын толугу менен киргизип бүтө элекпиз. Бул дагы мамлекетибиздин бюджетинен көз каранды. Бара-бара киргизүүнү улантуудабыз. Учурда жеке ассистенттин кызматын 15 миңге жакын жаран алат. Анын ичинен 9,5 миңи 18 жашка чейинки балдар, 5,5 миңи 18 жаштан жогору жарандар. Жеке ассистент баланын же жарандын атасы, апасы, же болбосо ата-энеси тандаган адам боло алат. Аларга бүгүнкү күндө ай сайын 7681 сом төлөнөт. Биздин эң негизги максатыбыз майыптуулугу бар жарандардын муктаждыктарын канааттандыруу. Бирок аны менен бирге майыптуулуктан арылуусуна көмөктөшүү дагы башкы милдетибиз”,-деген жообун берди.

Укуктун бузулушу

Атын атагысы келбеген дагы бир каарманыбыз 5 жолу белинен жана бутунан операция болгон. Берилген жөлөк пул азык-түлүктүн кымбаттаганына байланыштуу жетпей, дары-дармек сатып алууга ашпай каларын айтат. Бул боюнча  Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун медициналык камсыздандыруу программаларын ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Жыпара Азизбекова: “Мамлекеттик кепилдик программасынын негизинде майыптыгы бар жарандарга жеңилдетүүлөр түзүлгөн. Амбулаториялык деңгээлде 12 анализ же кошумча 42 анализ тапшырууга, дары-дармектерди үй-бүлөлүк дарыгерлердин көргөзмөсү менен 50%дык арзандатууга чейин алганга болот. Биз бүгүнкү күндө 1800гө жакын дарыкана менен келишим түзгөнбүз. Аны менен катар стационардык деңгээлде, тагыраагы ооруканага жаткырылышы, операция (жылына 2 жолу)  болгон учурда бардык кызматтар акысыз көрсөтүлөт. Бул үчүн жарандар белгилүү бир шарттарды аткарышы керек. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан каттоодон өтүү эң биринчи шарттардын бири. Себеби ар бир киши башына жыл сайын бюджет каралып чыгат. Ошондой эле майыптуулугу бар деген колунда маалымкаты жана дарыгерлердин жолдомосу болушу зарыл”,-дейт.

Дал ушул майыптыгы барларга көрсөтүлгөн акысыз кызматтар учурунда кандайдыр бир түшүнбөстүктөр, мыйзамсыз акча алуу, дарыгерлердин туура эмес мамилеси орун алган учурда эмне кылууга болорун Саламаттыкты сактоо тармагындагы медиа эксперт Света Байтикова айтып берди: “Саламаттык сактоо мекемелеринде дарыланып жаткан бейтаптын укугу бузулган учурда 113кө чалышы зарыл. Кайрылуулар 24 саат 7 күн бою кабыл алынат. Эгер кандайдыр бир арыздануу келип түшсө, кабылдамадагы кызматкер бул тууралуу жетекчиликке билдирип, кайтарым байланыш түзүлөт. Кайрылган адам сөзсүз аты-жөнүн айтууга милдеттүү эмес. “Дары-дармектер жок болуп жатат, керектүү документтерди ала албай жатам, бир жолку дарыланып чыгууга канча каражат жумшалат, кайсыл учурда акысыз кызмат көрсөтүлөт?”-деген сыяктуу түрдүү суроолор менен кайрылышат. Биз ар бир суроону сөзсүз түрдө карап чыгабыз жана жообун беребиз. 2024-жылы 113 номуруна 25 миң чалуу түшкөн. Анын ичинен 44тү – расмий арыздануу.”

Майыптуулугу бар жарандарга иш орундарынын жетишсиздиги

Нишана айым айына 8000 сом жөлөк пул алат. “Мен 1-топтогу майыптыгы бар жарандардын биримин. Жөлөк пул эч көбөйтүлгөн жок дегенден алысмын. Жакынкы жылдарда Президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен анын өлчөмү өстү. Бирок өзгөчө балалуу айымдарга бул каражатты 1 айлык жашоого жеткирүү оор болуп калат. Албетте, иштөөдөн эч качпайм. Тескерисинче көп тармакта өзүмдү өнүктүрүп, активдүү жашоо образын карманам. Эгер муктаждык жаралса, бир адамга балык жөнүндө маалымат берип эмес, балык кармоону үйрөтүү керек деп коюшат эмеспи. Ошол сыяктуу майыптыгы бар жарандарга  жыл сайын азык-түлүк же акчалай жардам берүүдөн башка, ар түрдүү адистиктер, тармактар боюнча окуулар өтүлүп, кесип тандоо, ал боюнча курстарга баруу мүмкүнчүлүгү жаралса, иштөөгө шарттар түзүлсө эң жакшы болмок”,-деген оюн билдирет.

Бул тууралуу Назгүл Чолумова мындай дейт: “Чындыгында министрликке “Эмне үчүн бизге жалгыз гана гуманитардык жардам бересиздер? Балким мен каалабасамчы. Анын ордуна кандайдыр бир курстардан окуганга, өз жөндөмдөрүмдү жакшыртканга көптөгөн жакшы шарттар түзүлсө дурус болор эле” деп кайрылгандар жок эмес. Буту баспаса да, үйдө олтуруп, онлайн иш аркылуу акча тапкандар да бар. Алар “Мага иштей ала турганымдай жумуш мүмкүнчүлүктөрүн түзүп бергиле, иш жерим ыңгайлуу болсун. Алсак, ар бир жайда пандус жайгашып, өйдөгө көтөрүлгөнгө лифттер ыңгайлашылсын, эшиги чоң болсун. Мен бирөөгө көз каранды болгум келбейт” дешет. Жарандар жөн эле жерден эмес, качан сыртка чыгып, жеткиси келген жерге жете албаганда, киргиси келген жерге кире албаганда өзүнүн майыптыгы бар экендигин сезишет. Андыктан мамлекет, ар бир министрлик бул маселенин үстүндө кылдат ойлонуп, жасаган ишинде майыптуулугу бар жарандарды эске алган кезде гана бардык адамдардын тең укуктуулугу сакталат. Албетте жалгыз гана майыптуулугу бар жарандар эмес, аз мобилдүү (карылар, кош бойлуу аялдар, убактылуу жаракат алгандар ж.б.) топко кирген жарандарды да эске алган болобуз.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдында 2020-жылы майыптыгы бар жарандардын иштери боюнча кеңешме ачылган. Ага 18 мамлекеттик орган, 15 бейөкмөт уюмдардын башчылары жана майыптуулугу бар жарандардын өздөрү кирген. Квартал сайын кеңешме өткөрүп, ар бир министрлик ойлогон пландарын ортого салып, кеңешменин ичиндегилер биргеликте баарын чогу талкуулайбыз. Ошол эле мыйзамдарды жазууда ар биринин оюн угабыз. Тактап айтканда чечим чыгаруу процессине майыптыгы бар жарандардын өздөрүн да  кийлигиштирип, катыштыруудабыз. Азыркы кезде министрликтен тартып айыл өкмөтүнө чейинки башкармалыктарда жапа тырмак иш алып баруу түшүнүгү жанданды десем жаңылышпайм. Ар бир орган аталган көйгөйдө өзүнүн маанилүү орду бар экендигин түшүнүп, маселени ичинен көрө баштады. Бул дагы бир жетишкендик десем болот.”

Гезитибиздин өткөн санында майыптыгы бар жарандардын көйгөйлөрүн камтыган макалабыз окурмандардын кызыгуусун арттырып, бир топ сунуш-пикирлер айтылды. Ошондой эле алардын өтүнүчү боюнча мамлекеттик курулуш агенттиги менен Бишкек троллейбус башкармалыгына тиешелүү маселелер боюнча майыптыгы бар жарандарыбыздын суроолоруна жооп табууга аракет кылдык.

Курулуштагы ыңгайлуулук

Борбор калаабызда барган сайын жаңы көп кабаттуу имараттар салынып, кайсыл жерге караба курулуш жүрүп жатканын көрүүгө болот. “Салынган ар бир имаратта майыптыгы бар жарандарга ыңгайлуулуктар кылдат каралабы?” деген суроого Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Бакай Турдугулов мындайча жооп берди: “Жаңы имарат долбоору даярдалып жатканда баары эске алынат. Алгач долбоор чийилип даяр болгон соң биздин жергиликтүү архитектура органдарына тапшырылат. Эгер кандайдыр бир кемчиликтер табылса, катаны оңдоо тапшырмасы берилип, артка жөнөтүлөт. Баары оңдолуп келгенден кийин долбоорлор макулдашылып мамлекеттик курулуш агенттигинин алдындагы мамлекеттик экспертизага тапшырылат. Кароодон өтүп корутундусу алынган соң курулушка берилет. Өлкөбүздөгү ар бир курулуштун майыптуулугу бар жарандарга ыңгайлуулугу өкмөттө көптөн бери талкууланып келе жаткан маселе. Кыргызстанда СССР убагында курулган имараттардын кээ биринде майыптуулугу бар жарандарга ыңгайлуу шарттар толугу менен түзүлбөй калган. Аларды кайрадан оңдоп чыгуу иштери азыркы күнгө чейин уланууда. Бирок толугу менен оңдолду деп айта албайбыз. Ал эми учурдагы курулуштар албетте бардык текшерүүдөн өтүп, талаптарга жооп берет. Ошол эле пандустардын бийиктиги, каалгалардын кеңдиги, кире бериштин тоскоолдуксуз түздүгү жана башка бардык деталдар эске алынат.”

Автобустагы иштебеген үн коштоочу жабдык

Көзү азиз жарандар үчүн коомдук транспорттогу аялдамаларды эскертип туруучу үндөрдүн кээде чыкпай калышы ыңгайсыздык жаратарын айткан Матлюба айым “Буга көңүл бурулса жакшы болот эле” деген оюн билдирет. Аталган көйгөйдүн себебин билүү үчүн Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Талантбек Капаровго кайрылганыбызда, ал буларга токтолду: “Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасында 1300дүн тегерегинде автобус бар. Алардын дээрлик баарында майыптыгы бар жарандар үчүн шарттар түзүлгөн. Мисалы, 2 эшиктүү автобустарда пандустар коюлган. Пандустарды чыгарып, түшүрүү айдоочунун милдетине кирет. Атайын ремени жана “түшөм” деген белги берүүчү баскыч майыптыгы бар жарандар үчүн коюлган жайлар бар. Кулагы укпаган жарандарыбызга Мамлекеттик тил комиссиясынан өткөн, жолдордун жаңыдан берилген аттары кирген трафареттерди койдурдук. Кандайдыр бир маселелер болсо, келип кайрылып турушат. Жыйындар да болот. Алсак дал ушул сиз айткан үн коштоочу жабдыктардын иштебей калышы, аялдамаларга электрондук трафареттерди илүү керектигин айтып жатышат. Биз тиешелүү кызматтарга кат жазып берип жатабыз. Буюрса ушул жылы аялдамаларга автобустардын маршруту, келе турган сааты көргөзүлгөн трафареттерди илдиргенге аракет кылп жатабыз. Автобустагы үн коштоочу жабдыктын иштебеши, 28 орун болсо, туруп баргандар менен бир автобуска 80 адам батса, кээ бирине үндүн жаңырып турганы жакпай калат экен. Көп учурда айдоочудан үндү өчүрүп коюусун сурангандар болуп жатат. Биз бул боюнча айдоочуга арызданган жүргүнчү түшүп кеткенче өчүрүп, кийин кайра жандырып коюшу керектигин эскертип жатабыз. Ал эми кээде үн коштоочу жабдык спутник менен байланышта болгондуктан интернет алсыз болугон жерлерде тартпай калышы мүмкүн. Алсак, 2022-жылы коомдук транспорт 15%, жеке 85%ы жеке менчик эле. Азыр 95% коомдук муниципалдык транспорт болсо, 5%ы гана жеке каттам. Жетекчилик тарабынан катуу тапшырмалар коюлуп жатат жана биз дагы бардык талаптарды аткаруудабыз. Жумасына шейшемби жана бейшемби күндөрү рейд жүргүзүп, айдоочуга ошол эле үн коштоочу жабдыктарды унутпай күйгүзүүсүн, өзүн таза алып жүрүүсүн ж.б. айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатабыз. Аны менен катар жүргүнчүлөр дагы өтмөктөн токтоп кой, жол чырак жашыл жанганча түшүп кетейин дебей, аялдамадан түшүп, эрежелерди сактаса экен дейбиз.”

Учурдагы жүрүп жаткан иштер натыйжалуу жыйынтык берип, майыптыгы бар жарандардын укуктары корголуп, жаңы мүмкүнчүлүк жана шарттарга жол ачылат деген ишеничтебиз.

                                                                                                                Алтынай Нурдинова

Пример HTML-страницы