2025-жылдын 10-12-майында Грузиянын Тбилиси шаарында пара-пауэрлифтинг боюнча «Дүйнөлүк кубок – 2025» болуп өттү.
Мелдеште 25 өлкөдөн, анын ичинде Кыргызстандан келген 134 балбан ар кандай салмак категориялары боюнча күч сынашкандыгын биздин редакциябызга башкы машыктыруучу Жыргалбек Оросбаев маалымдады.
Машыктуруучунун айтымында, 10-майдагы мелдештин жыйынтыгы боюнча, 65 кг салмактагы кыргызстандык өспүрүм Азизбек Нарбаев жана ошондой эле салмактагы Эсен Калиев биринчи орунду ээлеп, алтын медаль жеңип алышты.
Ал эми 11-майда өткөн эркектер арасындагы мелдештин жыйынтыгында 80 кг салмактагы Максат Аргымбаев 2-орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду.