"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Майыптыгы барлар мамлекеттик алымдан бошотулат

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 17-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын администрациясынан кабарлашты.

Мыйзамдын максаты — ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө карата социалдык колдоону күчөтүү. Тактап айтканда, I, II жана III топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери жана камкорчулары мамлекеттик алымдарды төлөөдөн бошотулат.

Президенттик администрация маалымдагандай, бул чара төмөнкү максаттарды көздөйт:

— мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктарын сот аркылуу коргоону жөнөкөйлөтүү;

— оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн каржылык жүгүн жеңилдетүү;

— социалдык адилеттүүлүк жана сотко бирдей жеткиликтүүлүк принциптерин ишке ашыруу.