Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-июлуна карата майыптыгы бар адамдарга кызмат көрсөткөн жеке ассистенттердин саны 14 906га жетип, аларга 793 млн сомдон ашуун каражат төлөндү.
Майыптыгы бар адамдардын жалпы саны 15 225ти түздү, анын ичинен 9 582си — 18 жашка чейинки балдар, 5 643ү — чоң адамдар. Белгиленгендей, 2024-жылдын 1-июлуна карата 14 537 жеке ассистентке 635 млн сом которулган.
Ошондой эле, майыптыгы бар адамдардын саны 14 848 болгон.
Министрликтен билдиришкендей, төлөмдөрдүн жана жеке ассистенттердин санынын өсүшү майыптыгы бар адамдарды колдоо жана камкордук менен камсыз кылуу багытындагы мамлекеттин аракеттеринин жыйынтыгы болуп саналат.

