"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Макмал – Каракол темир жолун куруу долбоору талкууланды

Кыргызстанда «Макмал – Каракол» темир жолун куруу долбоору ишке ашырылууда.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул долбоор өлкөнүн ички темир жол тармагын өнүктүрүп, аймактардын өз ара байланышын жакшыртууну жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү көздөйт. Ошондой эле ал келечекте жүк ташууну жеңилдетет.

Былтыр, 2025-жылдын 19-февралында Бишкек шаарында аталган темир жолду куруу боюнча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, «Кыргыз темир жолу» ишканасы жана All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциуму кол койгон. Андагы маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашыруу бир жылдын ичинде башталып, темир жолдун узундугу 200 чакырымдан ашары айтылган. Долбоорго болжол менен 3 млрд доллар инвестиция тартуу пландалган.