"Эркин-Тоо"

Максат –ИДПнын көлөмүн 30 млрд долларга жеткирүү

Өлкөдө социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн алты айлык жыйынтыгы боюнча ар бир тармак отчет берип жатат. Президенттин администрациясы жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарып,  учурда  олуттуу маселеге айланып бараткан нотариустардын иши, жөлөкпулдун даректүүлүгү, Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорлорунун каралышы, маданият үйлөрү менен китепканалардын иштери жана мамлекеттик кызматкерлердин аткарган ишинин натыйжалары каралып, баа берилди.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, акыркы үч жылда жана үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында өлкөдө экономиканын өнүгүшү үчүн ыңгайлуу жагдай түзүлүп, мына ушул мүмкүнчүлүктү толук пайдаланып калуунун үстүндө иштеп жаткан аткаруу бийлигинин ийгилиги арбын экенин баса белгиледи. Мурда “көзүн” карап келген “Кумтөр” алтын кенинин салымын өзгөчө баалап келсек, азыр ансыз деле  улуттук экономиканын өсүү темпи 9,9%ды түзгөнү кубандырбай койбойт.

ИДПнын орточо өсүү темпи 2023-жылы – 7% болсо, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи жарым жылы 8,1% өсүү менен аяктагынан жана жалпы сумма 559 млрд сомду түзүптүр. 2023-жылы өлкөнүн ИДПсы 1 триллион 229 млрд сомду (13 млрд 981 млн АКШ долларын) түзүп, тарыхый чектен өтүп, отуз жыл аралыгында ойго келбеген жетишкендиктер жаралганы маалым. Албетте, бул Президенттин, Министрлер Кабинетинин замандын күрөө тамырын кармай билген, алысты болжогон экономикалык саясаттагы утушу. Тең салмактуу акча-кредит саясатынын аркасында инфляция 2024-жылдын январь-июнь айларында республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүү темпи 2,4% түзгөнүн Министрлер Кабинетинин төрагасы билдирди.

Дагы бир өзгөчө баалай кетүүчү жагдай, азыркы бийликтин учурундагы үч жыл аралыгында бюджеттеги каражаттар эки эсе көбөйгөнүн отурумда айтылды. 2020-жылы өлкөнүн консолидацияланган бюджети 247,7 млрд сомду түзсө, 2023-жылы бюджеттин ресурстары 577,2 млрд сомго жетти. Мындай ийгиликтер өзүнүн өзү жаралган жок. Маселен, фискалдык саясатта заман талабына жооп берген технологиялар киргизилди. Салык төлөөчүлөр үчүн кыйла жеңилдиктер каралды. Алар кезекте отурбастан, тез отчет тапшырып, керектүү документтерин алып жатышат. ККМди колдонуу жаатында да олуттуу прогресс байкалууда. Бүгүнкү күндө алардын саны 100 миңден ашык аппаратты түзүп жана акыркы үч жылда 6 эсеге көбөйдү. Мындан ары да бул саясатты улантыларын төрага Акылбек Жапаров жыйындын жүрүшүндө маалымдады.

Ошондой эле Акылбек Жапаров, ички жана тышкы инвестицияларды алдыга жылдыруу күчөтүлөрүн, өнөр жай секторун өнүктүрүүгө  артыкчылык берилерин, Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгына карата 100дөн кем эмес жаңы ишкана ачыларын айтты. 2024-жылдын башынан бери 29 ишкана ишке киргизилиптир. Ири долбоорлор каралап, анын ичинен Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу өлкө үчүн маанилүү экенин, ошондуктан, ушул темптен жазбастан алга барыш үчүн кесипкөйлүк, ишке чыгармачыл мамиле жана темирдей тартип зарыл экенин  баса белгиледи төрага.

Акылбек Жапаров жакында туризмди өнүктүрүүнүн жаңы барактары ачыларын кошумчалап, анда 3 ири –  “Кыргыз Куршевели”, “Байтик Резорт” жана “Чаткал Резорт” инфраструктуралык туристтик долбоор ишке ашырыларын билдирди.

“Азыр өлкө кыргыз “Куршевелин” курууга киришти. Француз компаниясы S3V – дүйнөгө белгилүү Куршевель курортунун алгачкы операторлорунун бири, Кыргызстанда “Үч чоку” тоо лыжа кластерин ишке ашыруу менен алектенүүдө. Анда 200 чакырым тоо лыжа жолу түшөт. Курорт жыл бою иштеп, жылына 850 миңге чейин туристти кабыл ала алат. Бул Борбор Азиядагы эң чоң курорт болот. Ошондой эле “Байтик резорт” кластерин түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Өзбекстан менен биргеликте “Чаткал резорт” тоо лыжа кластерин ачуу маселеси каралууда”, — деди Акылбек Жапаров.

Аймактык реформа ар бир келген жаңы бийликтин убадасынын башында турчу. Бирок, бири дагы батынып реформа жасай алышкан жок. Кыргызстанда региондорду өнүктүрүү саясатында 30 жылдан бери биринчи жолу масштабдуу алкакта административдик-аймактык реформа колго алынып, жакшы натыйжаларды бере баштады. Масштабдуу иштердин негизинде, өлкөдө айыл аймактары жана шаарлары ирилештирилип, айыл аймактардын саны 452ден 217ге кыскартылды. 235 ирилештирилген айыл аймактардын жана 33 шаардын административдик чек аралары схемалык картасы бекитилди. Ошону менен бирге миллиардаган сом каражат үнөмдөлүп, башкаруунун ийкемдүү формасы ишке киргизиле баштады.

Төрага Акылбек Жапаров 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген максаттардын жарымы аткарылганын, учурда аткаруу бийлиги 2030-жылга чейинки өнүктүрүүнүн улуттук программасын иштеп чыгууга киришкенин билдирди.

Андагы негизги максат – Кыргызстан 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүүнүн натыйжасында алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүү жана  ИДПнын көлөмүн 30 млрд долларга жеткирүү.  Андыктан, ИДПнын жылдык номиналдык өсүшүн 10-12%деңгээлинде кармап туруу зарыл экен. Дүйнөлүк банктын классификациясына ылайык, Кыргызстан жан башына ИДП көрсөткүчү боюнча ишенимдүү түрдө көтөрүлүп, 2030-жылга чейин кирешеси ортодон жогору өлкөлөрдүн катарына кирип, азыркы кирешеси ортодон төмөн өлкөнүн абалынан чыгышы мүмкүн. Өнүгүү программасы ушул сандарды эске алуу менен түзүлөрүн  Акылбек Жапаров баса белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жакынкы 2-3 жылда толугу менен мамлекеттеги бүт социалдык объекттер жаңырарын билдирип, азыртадан креативдүү, ишке кызыккан адистер керектигин белгиледи. Каралбай калган клубдар боюнча сунуш киргизбеген Маданият министрлигин  сындады. Китепканалар жайгашкан ордуна карап мектептин китепканалары менен бириктирилиши керектигин, китепканалар менен маданият үйлөрүн иретке келтирүү, бул ишти көзөмөлгө алуу боюнча министр  Алтынбек Максутовго тапшырма берди. Нотариус кызматтарынын ишмердүүлүгүнүн маанисине токтолуп, бул тармакты санариптештирүү, айрым функцияларды башка органдарга өткөрүп берүү, ашыкча документтерди талап кылбоо сыяктуу сунуштарды карап чыгуу үчүн Юстиция министри Аяз Баетовго маселени  чечүү талабы коюлду. Ал эми “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулунун даректүүлүгү боюнча маселе  социалдык маселелерди тейлеген губернаторлордун, акимдердин орун басарларынын түздөн-түз милдети экенин баса белгиледи.

                                                                                                                                                  Шекербек Калыков

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!