"Эркин-Тоо"

Мал уурдоого шектелген жаран кармалды

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө Жайыл айылынын Суусамыр айылынын тургуну мал (жылкы) уурулук фактысы боюнча арыз менен кайрылган.

Бул факты РИИБнин КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектелип Чүй облусунун 18 жаштагы К.Д аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алдын ала маалымат боюнча, кылмышка шектүү Талас шаарындагы базарда уурдалган малды сатуу учурунда кармалган. Учурда уурдалган малдар алынып, арыз ээсине кайтарылды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!