45 жаштагы мекендешибиз Аида айым 8 жылдан бери Куала-Лумпур шаарында жашайт. 8 жыл мурда жолдошунун жумушунун аркасы менен Кыргызстандан Малайзияга көчүп келишкен экен. Айтымында экөө тең IT- тармагынын адистери. “Чынын айтканда келгенден бери Кыргызстанга бара элекмин. Андан көрө эл-жер көрүшсүн деп туугандарыбызды бул жакка чакырып, сагынычыбызды таркатып турабыз”- дейт ал. Аида эже бизге Малайзияда жашоосу тууралуу буларды айтып берди.
365 күндүн 360ында сөзсүз жаан болот
— Келгенден кийин эки жылдай иштеген жокмун. Себеби, таптакыр англис тилин билбейт элем. Тил билип, башка шаарга көнгөнчө ошончо убакыт болду. Ошентип англис тилин өздөштүрдүм. Айланаңдын баары англисче сүйлөп жатса, каалабасаң да үйрөнөт экенсиң. Малай тилин үйрөнсө болот, бирок англис тили колдонулгандыктан, ушул тилде эле сүйлөп жүрөбүз. Бул жакка келгенде алгач аба ырайы жакпай, абдан кыйналдым. Өтө ысык болгондуктан, сыртка чыксаң ысып, имаратка киргенде үшүй берет элем. Тез-тезден эле жаан жаап, күн күркүрөп, буркан-шаркан түшүп турат. Өзгөчө сентябрдын ортосунан, марттын ортосуна чейин “жамгырдын сезону” деп коюшат. Океан, деңиздерде чоң толкундар болуп тургандыктан, коопсуздук үчүн айрым аралдарга барууга чектөө киргизилет. А бирок бул жакта 365 күндүн 360ында сөзсүз жаан болот. Тамактары да ачуу, майлуу, куурулган болгондуктан, тамак-аштарынан дагы кыйналып, 3-4 жылга чейин жей албай, көнбөй жүрдүм. Анын үстүнө бардык тамактары тоок эти жана күрүчтөн жасалат. Бул жакта кызыл эт кымбат. Кымбат болгону менен деле биздин этке жетпейт, сагынганда Кыргызстандан алдырабыз. Булар таттууну ушунчалык көп жегендиктен, ашыкча салмак жана кант диабетинен жабыркагандар арбын. Күндүн ысыктыгынан жөө баскан адамды көрбөйсүң, дайыма такси, метро менен жүрүшөт. Анын үстүнө тамакты абдан көп жешет. Менин байкаганым малайлар бут кийимдерин 1 же 2 өлчөмгө чоң алышат экен. Себеби, күндүн ысыгынан сууну көп ичишет, анан буттары шишип чыгат. Айтор, канчалык кыйын күндөр болсо да, кетким келген эмес. Бош убагымда зумба бийине катышам. Трекинг деп тоого чыгып, бадминтон ойногону барабыз. Көп саякаттайм, көп өлкөгө барып, эл-жер көргөнгө аракет кылам. Биздин жумушта аралыктан деле иштөөгө болот.
 Көп улуттун өкүлдөрү жашаса да кылмыштуулук жок
Көп улуттун өкүлдөрү жашаса да кылмыштуулук жок
— Бул жакка келээрде мусулман өлкөсү болсо, баары жамынган, оронгон, тартип күчтүү болсо керек деп ойлогом. Бирок андай деле эмес экен. Башка диндегилерге сый менен мамиле кылып, ар ким каалагандай эле жүрөт. Коопсуздук жакшы корголгон, коркпой жашайм. Канчалаган улуттун өкүлдөрү жашаса да ушунча жылдан бери төбө чачты тик тургузган кылмыштарды көрбөдүм. Кокус түндөп, жалгыз-жарым көчөдө калып калсаң деле коркунучсуз. Куала-Лумпурда эле бир Кыргызстандын эли жашайт. Малай эли кичи пейил, жардам бергенге аракет кылып турушат. Жай, эч жакка шашылбаган эл болот. Өздөрү иштейт, бирок жалкоороок келишет. Мусулман өлкөсү болгондуктан, кыз кишилерди көп иштете беришпейт. Кыргызстандан сиңдилеримди, инилеримди алып келсем, пол жууп, терезе сүртүп, тамак ташып жүргөн балдарды көрүп, таң калышты. Бизде балдар терезе тазалап, пол жууп иштешпейт го, намыстанышат. Бул жакта бул нормалдуу эле нерсе. Дагы бир өзгөчөлүк бул жакта Кыргызстанга окшоп жасанып жүргөн киши жок. Баары жөнөкөй, эч кимди эч ким карабайт. Мага ушул жери ушунчалык жагат. Биз жактан келген кыздар дароо билинет. Тырмак өстүрүлгөн, кирпик чапталган болсо, биздин кыздар деп калабыз. Көбүнчөсү студенттер үч, алты айга, бир жылга келишет. Аларды эсепке албай, туруктуу жашагандарды айтсак, пандемияга чейин Кыргыздар болжол менен 300дөй болсок керек эле. Ковидден кийин азайып кеттик. Кыргыздардын өзүнүн вотсап группабыз бар, ал жактан ал-ахыбалыбызды сурашып турабыз. Нооруз, эгемендүүлүк майрамдарда элчилик бардыгыбызды чакырып, чогултуп турат. Малайзия менен Кыргызстандын окшош жери экөөнүн тең эгемендүүлүк күнү 31-август, экөөнү чогуу майрамдайбыз.
Ар ким өзүнө пенсия жасайт
— Кыргызстандагы жаңылыктарды окуп, абдан таң калып отурам. Турак жайга баа абдан көтөрүлүп кетиптир. Бул жактан батир издесең, “чөнтөккө” карап тапсаң болот. Мейманканалар 50 доллардан өйдө. Бул жакта бензин арзан болгондуктан, такси арзан. Кыргызстандагы таксинин баасын карап отуруп таң калам. Үй сатып алса болот, бирок бир аз машакаттуураак. Мисалы, биз жумушчу виза менен жашайбыз. Үй алыш үчүн “Малайзия менин экинчи үйүм” деген атайын виза бар, ошону аласың. Ал жактын өзүнүн шарттары бар. Аларга иштегенге болбойт, киреше кире турган нерселери болушу керек. Кыргыздардын арасында деле антип алгандар жок эмес. Бул жакта пенсия жок. Пенсия мамлекеттик кызматта иштегендерге гана каралган. Жеке сектордо иштегендердин өзүнүн чогултуучу эсеби бар. Алар өздөрү чогултуп, өздөрүнө өздөрү пенсия жасашат. Кыргызстанда өмүр бою иштебей отургандарга да минималдуу түрдө пенсия чегерет го, бул жакта андай жок. Чогултпасаң пенсия албайсың. Биз жаңы келгенде минималдуу эмгек акы 1300 ринггит (1 ринггит =20 сом) болчу. Азыр болжол менен 2500 ринггит. Жумушка киргенде камсыздандыруу бар. Анда кокус ооруп калсаң бара турган оорукана, бейтапканалар көрсөтүлгөн. Ошол камсыздандыруу менен көрүнгөндүктөн, бааларын чынында айта албайм. Негизи Малайзиянын калкынын басымдуу бөлүгүн малайлар, кытайлар жана индустар түзөт. Бардык нерседе малайларга жеңилдиктер каралган. Университетке тапшырарда бюджеттик орундарга 90 пайыз малайлар алынат. Ашкан квотага кытайлар, индустар жана башка жактан келген студенттер алынат. Ошондуктан кытай, индустар жан талашып, жакшы окушат. Коммуналдык кызматтарды төлөгөндө деле малай калкына жеңилдиктер каралган. Айтор, кайсы тармакта болбосун өздөрүнүн малай элине өзгөчөлүктөр каралган. Алгачкы орунда өздөрүнүн элин жакшы карашат. Малайлар үйлөнүү тоюнда биздикиндей кылып чоң ресторанда 400 кишини чакырбайт. Булар үйүнүн алдына эле жакын адамдарын чакырып белгилешет. Барганда 50 ринггит бересиң, биздики сыяктуу кошумча дегендей. Анан жаштар менен сүрөт, видеого түшүп, ары жактагы столдон тамак салып жеп, суусундуктан куюп ичип, куттуктап, кетип каласың.
Жазнура Токтоболотова
 
		 
		 
		


