"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Малайзияга жакын сууда кайык чөгүп, жүздөгөн мигрант дайынсыз жоголду

Малайзияга жакын сууда кайык чөгүп, жүздөгөн адамдар дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Известия кабарлады.

Маалыматка караганда, кайыктагы адамдардын ичинен 10у аман калганы белгиленди. Бир адам Таиланд менен Малайзиянын чек арасына жакын жерде кайык чөгүп кеткенде каза болгон.

Малайзиянын түндүгүндөгү Кедах жана Перлис штаттарынын Деңиз башкармалыгынын директору Ромли Мустафа кайыкта болжол менен 300 адам болгондугун билдирип, каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертти.

Аман калгандардын арасында Мьянма жана Бангладештин жарандары бар. Учурда издөө-куткаруу иштеринин жүрүп жатканы кабарланды.