"Эркин-Тоо"

«Мамкартография» геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин директору Абдулат МЫРЗАЕВ: “ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮГӨ ӨЗ САЛЫМЫБЫЗДЫ КОШУП КЕЛЕБИЗ”

Маектеш тууралуу маалымат:

Мырзаев Абдулат Абдираимович азыркы Аксы (мурдагы Жаңы-Жол районуна караштуу Караван кыштагында) районуна караштуу Кербен шаарында 1967-жылы 7-апрелде карапайым үй-бүлөдө төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан соң 1984-жылы мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, Ташкент шаарындагы Айыл чарба институтунун агрономия факультетинин студенти болуп калат. Экинчи курсту аяктагандан кийин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, кайрадан аталган жогорку окуу жайдан билим алуусун улантып, 1991-жылы аталган институтту мыкты баалар менен бүтүргөн. Алгачкы эмгек чыйырын ал кездеги Фрунзе атындагы колхоздо бригадирдин жардамчысы, андан соң 1992-жылы ага агроном, 1993-жылдан башкы агроном болуп 1994-жылга чейин эмгектенген. 2000-жылдан баштап Аксы райондук Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы болуп дайындалат. Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болуп кабыл алынган.

2006-жылы которуу (ротация) жолу менен Аксы районунан Ала-Бука районуна райондук Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган. 2001-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин юриспруденция адистиги боюнча окууга тапшырып, аталган окуу жайды 2006-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

Кесиптик ийгиликтерге жетишүү менен Кербен шаардык кеңешинин депутаты, бир нече жолу райондук жана республикалык сынактарда “Мыкты жетекчи” аталып, “Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо депертаментинин отличниги” төш белгиси менен, Чек ара маселесинде жүргүзгөн алгылыктyу аракеттери үчүн “Чек ара кызматынын отличниги” төш белгиси менен ошондой эле райондук, облустук жана республикалык жетекчиликтер тарабынан Ардак грамоталар менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору болуп иштеген. Учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу «Мамкартография» геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин директору. — Абдулат Абдираимович, алгач Мамкартографиянын тарыхына кыскача токтолуп кетсеңиз.

— Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен 1992-жылы 6-мартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги – «Кыргызгеодезия» түзүлгөн. Анын негизинде 1976-жылы түзүлгөн Топография-геодезиялык №19 ишкана, – 1989-жылы Кыргыз аэрогеодезиялык №19 ишкана катары кайра түзүлгөн.

1998-жылы «Кыргызгеодезия» Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу) курамына кирген. Андан ары түзүм катары түрдүү министрлик жана ведомстволорго баш ийип келди. Учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекеме «Мамкартография» катары иш алып барууда (мындан ары – Мамкартография).

— Мамкартографиянын негизги милдеттери тууралуу айтып берсеңиз?

— Биздин кызматтын негизги максаты – республиканын экономикасын жана коргонуусун картографиялык продукция, топография-геодезиялык маалымат жана материалдар менен камсыздоо максатында мамлекеттик топография-геодезиялык иштерди өнүктүрүү.

Заманбап спутниктик жана геомаалыматтык технологияларды колдонуу менен топография-геодезиялык жана картографиялык иштерди өнүктүрүүдө бирдиктүү техникалык саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди уюштуруу жана аткаруу; аэрофото-космостук-съемкалык материалдардын негизинде ушул картографиялык камсыздоо иштери дагы биздин мекемеге жүктөлгөн. Анан дагы мазмунун аймактын учурдагы абалына системалуу түрдө ылайык келтирүү максатында масштабдуу катардагы карталарды жаңыртуу, ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан, уюмдар тарабынан топография-геодезиялык жана картографиялык иштердин туура жүргүзүлүшүнө мамлекеттик геодезиялык көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу башкы милдеттердин бири.

— Мамкартографиянын ишмердүүлүгүнүн маанилүүгү жылдан-жылга өсүп баратат. Мына ушуга жараша суроо-талап көп болсо керек?

— Туура айтасыз. Жогоруда белгилеп кеткенибиздей, «Мамкартография» геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматынын карамагында турат.

Мамкартография мамлекеттик багыттагы геодезиялык жана картографиялык жумуштарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана юридикалык жактардын заказдары боюнча атайын (тармактык) багыттагы геодезиялык жана картографиялык жумуштарды аткарууну камсыздоо, координаттардын, бийиктиктердин системаларын, графиметриялык өлчөөлөрдү, ошондой эле мамлекеттик топографиялык карталардын жана пландардын масштабдуу катарын белгилөө болуп саналат. Ошондой эле өзүңүздөргө маалым, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча олуттуу иш-чараларды жүргүзүп келатат. 2025-жылдын ичинде негизги өндүрүштүк ишкердүүлүк Кыргыз Республикасынын аймагын жана анын региондорун картографиялык материалдар менен камсыз кылуу боюнча өндүрүш, ар кандай масштабдагы жана ар кандай арналыштагы карталарды түзүү, жаңылоо, басып чыгарууга даярдоо боюнча топографиялык-геодезиялык иштерди туруктуу негизде жүргүзүүгө багытталат. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы үчүн 1:25 000 масштабдагы базалык картаны түзүү жана картографиялык негизди жана геодезиялык камсыздоо системасын этабы менен Баткен облусунун аймагынан түзүү боюнча иштер уланууда.

Мамкартографиянын Геопортал кyrgyzmap.kg үчүн маалыматтарды топтоо жана санариптик карталарды жарыялоо иштери колго алынууда. 2024-жылы Мамкартография “Кыргызстандын аэропорттору” ААКнын Кыргызстандын ички аэродромдорун кайра эксплуатацияга киргизүү боюнча «Каракол», «Казарман», «Караван», «Нарын» жана «Талас» аэронавигациялык маалыматтарын жаңыртуу, навигациялык элементтерди жана тоскоолдуктарды геодезиялык сүрөткө тартуу боюнча иштер аткарылды. Аталган компаниянын эл аралык аэропортторунда «Манас», «Ош», «Ысык-Көл» навигациялык элементтерди сүрөткө тартуу жана геодезиялык изилдөөлөр жүргүзүлдү.

— Чек ара маселесин чечүү ар дайым оор болуп келген. Мына ушул жооптуу иштер тууралуу айтып берсеңиз?

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча чынында эле олуттуу иш-чаралар жүргүзүлдү. Мамкартографияга жүктөлгөн милдеттердин чегинде мамлекеттик чек аранын бүткүл линиясы боюнча атайын геодезиялык тармакты түзүүнү, аянты 6900 чарчы километрден кем эмес тегиз аянттарды аэрофотосүрөткө тартуу, 3652 чарчы километрден кем эмес тоолуу аймактар үчүн космосүрөттөрдү сатып алуу, ортофотопландарды түзүү, аэрофото жана космосүрөткө тартууга пландык жана бийиктиктик негиздерди даярдоо, жалпы тармактын пункттарында GNSS-приборлору менен талаа өлчөө иштерин жүргүзүү, ортофотопландарды чечмелөө, топографиялык карталарды түзүү, чек ара белгилеринин координаттарынын жана бийиктиктеринин контролдук өлчөөлөрү менен чек ара белгилерин даярдоо жана орнотуу иштерин жүргүзүп келебиз. Мамкартография мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча жогоруда аталган иштердин бүтүндөй комплексин, тактап айтканда даярдык иштерин жүргүзүүдөн тартып, жеринде чек ара белгилерин даярдоого жана орнотууга чейинки ишти колго алат.

2024-жылдын 22–27-июль күндөрү Өзбекстандын Фергана шаарында Кыргыз-Өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын жыйыны өткөрүлдү. Атайын жолугушуу маалында Кыргыз-Өзбек чек арасынын Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы жана Өзбекстандын Наманган жана Фергана облустарына чектеш жайгашкан айрым участоктордо талаа изилдөө иштери жүрдү. Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек ара демаркациялоо (сызыгын жеринде белгилөө) атайын чек ара белгилери коюлуп, Өзбекстан менен чек аранын жалпы узундугу 1314 чакырым, анын баары такталып бүткөндүгү айтылган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-Тажик Мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз-Тажик Мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн аныктоо максатында жана 2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз-Тажик Мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы келишимди таануу жана ратификациялоо боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу үчүн иштелип чыккан жана кабыл алынган.

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек ара боюнча келишимдик-укуктук жана ченемдик-укуктук базаны түзүү туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган, эки мамлекеттин жарандары үчүн, өзгөчө чек арага жакын аймактардагы жарандар үчүн жагымдуу шарттарды, ошондой эле мындан ары эки мамлекеттин ортосундагы натыйжалуу социалдык, экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкка өбөлгө түзөт.

— Абдулат мырза, сиз жетектеген мекемеде кызматкерлер үчүн кандай шарттар түзүлгөн?

— 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык каражат бөлүнүп, “Мамкартографиянын” имаратынын сырты жана ички кабинеттери капиталдык оңдоодон өтүп, кызматкерлерибиз үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Ошондой эле өзүбүздүн ишибиз менен эле алек боло бербей коомдук иштерге дагы активдүү катышып, “Мамкартография” жамааты жашылдандыруу саясатын колдоо менен шаарларыбыздын жашоочуларынын ден соолугуна, сергек жашоодо болуусуна колдон келген салымдарын кошууда. Борбор калаабыздын жаратылышын жашылдандырып, айлананы кооздукка айландырууда мамлекет жетекчилигинин демилгелерин колдоп, көп иштерди жасап жатабыз. Бүгүнкү күндө жашылдандыруу саясатын колдоо – бул бийликтин гана эмес, ар бирибиздин милдетибиз. Бак отургузуу, короодогу гүлзарга кам көрүү, шаардык экоинициативдерге катышуу — бул таза жана гармониялуу келечекке карай кадамдар.

Ошондой эле мен бүгүн өзүмө берилген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго Мамкартографиянын кызматкерлерине 2024-жылдын июнь айынан тарта эмгек акысын көтөрүп бергендиги үчүн, ыраазычылык билдирмекчимин.

— Урматтуу Абдулат Абдираимович, маанилүү маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сизге бекем ден соолук, көп ийгиликтерди каалайбыз.

«Мамкартография» геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин директору Мырзаев Абдулат мырза алдына койгон бийик максаттарга жетүү үчүн көптөгөн аракеттер жумшаларын, милдеттер ыйык вазийпа экендигин баса белгиледи. Аракеттериңиз үзүрүн берип, жүзүңүздөн ийгиликтердин бактысы төгүлүп турсун, Абдулат мырза!

Раиса Дүйшөнбекова