"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Мамлекет башчысы Ак-Суу районунда курула турган тоо-лыжа курортуна «Ала-Тоо резорт» аталышы берилгендигин айтты

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ак-Суу районунда курула турган тоо-лыжа курортуна байланыштуу курулуш иштери жана аталышы боюнча мындайча маалымат берди:
«Урматтуу кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк инвесторлор!
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларында салына турган тоо-лыжа курортун мындан ары «Ала-Тоо резорт» тоо-лыжа курорту деп атадык.
Бул курорттун инфратүзүмүнүн курулуш иштери башталды.
Инфратүзүмдү толугу менен мамлекеттин эсебинен бүтүрүп беребиз.
Жыргалаң участогундагы биринчи асма жолу (канатная дорога) келе жаткан жылдын июль айында бүтөт.
Демек, келерки 2026-жылдын ноябрь-декабрь айларында биринчи фазасы (Жыргалаң) аяктап, лыжа трассалары ишке берилет.
2027-жылы экинчи фазасы (Ак-Булак) жыйынтыкталып, 2028-жылы үчүнчү фазасы (Боз-Учук) бүтөт да, үч тоонун трассалары биригип, толук кандуу иштей баштайт.
Жалпы “Ала-Тоо резорт” трассасынын узундугу 250 километрди түзөт.
Ошондуктан, урматтуу кыргызстандыктар, жакын арада отель, ресторан жана башка объектилер салынчу жерлерди аукционго коюп, менчикке сата баштайбыз.
Андан түшкөн акча каражаттары экинчи жана үчүнчү (Ак-Булак жана Боз-Учук) фазаларын курууга жумшалат.
Биринчи фазасын (Жыргалаңды) курууга жумшала турган каражатты мамлекеттик казынадан бөлүп бердик.
Калган эки фазасы (Ак-Булак менен Боз-Учук) республикалык казынага оорчулук келтирбеш үчүн жерлерди сатуудан түшкөн каражаттарга курулат.
Аукциондон жерди утуп алгандарга бир эле талап болот. Эки жылда куруп бүтүп, ишке киргизүүсү керек.
Мамлекет тарабынан бардык уруксат документтери бүткөрүлүп берилет.
Жерди алып коюп, узак мөөнөт курулуш (долгострой) кылып же «инфратүзүм бүткөндөн кийин жердин баасы он эсе кымбаттайт, анан башка бирөөгө сатып, үстүнөн киреше табам» деген түшүнүк болбойт. Андайларга жол бербейбиз. Анткени бул курорт жылына 2 миллиондон ашык туристти кабыл алат деп болжолдоп жатабыз.
Ошондуктан курулуштар туристтерди жогорку деңгээлде кабыл алыш үчүн трассалар жана фуникулёрлор менен чогуу ишке берилиши керек.
Бул лыжа курорту бүтүп ишке кирсе “Кумтөрдүн” катарын толуктап, жалпы республиканы багат.
Жерлерди сатуу боюнча аукцион болжол менен июнь айынын биринчи декадасында башталат.
Азыр көз карандысыз баалоочулар сатылуучу жердин наркын аныктап жатышат.
Аукционго мамлекеттик компаниялар жана чет өлкөлүк инвесторлор, кыргыз резиденттери (юридикалык жана физикалык жактар) катыша алышат. Ал ачык жана онлайн режимде болот.
Жер сатып алып, отель, ресторандарды курууга шашылыңыздар.
Суроолор үчүн байланыштар:
Максутов Жаркынбек (Мамлекеттик ишкананын директору)
тел./вотсап 0558 00 80 70;
Электрондук почта: j.b.maksutov@gmail.com
Чолпонбаев Аскат (директордун орун басары)
тел./вотсап 0554 48 26 76;
Казматов Канатбек (жооптуу кызматкер)
тел./вотсап 0707 12 44 43
Электрондук почта: brownly140@gmail.com.»