Садыр Жапаров 7-февралда Binance ири эл аралык криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен жолугуп, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.
Мамлекет башчысы «Каракол» тоо лыжа базасынын инфраструктурасы менен тааныштыруу учурунда Ысык-Көл облусунун эл аралык туризмди өнүктүрүүдөгү өзгөчө ордуна токтолду. Ал тоо лыжа кластерлерин өнүктүрүү аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатарын белгилеп, «Ала-Тоо Резорт» туристтик кластерин куруу иштери улантылып жатканын билдирди.
Binance компаниясынын негиздөөчүсү табигый шарттарды, калың карды жана тейлөө деңгээлин жогору баалап, аймактын европалык белгилүү тоо лыжа борборлору менен атаандаша ала турган потенциалга ээ экенин белгиледи.
Иш-чара бейформал маанайда чай үстүндөгү баарлашуу менен жыйынтыкталып, тараптар туристтик жана инфраструктуралык долбоорлорду талкуулашты.

