"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Мамлекет башчысы УТРКнын жаңыланган имаратына барды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 8-декабрда, толук оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын имаратына барды.

Өлкөнүн башкы мамлекеттик телеканалы катары Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын стратегиялык маанисин жана анын туруктуу иштешин камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен Президент Садыр Жапаров 2023-жылы УТРКнын инфратүзүмүн капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 307 млн сом бөлүү тапшырмасын берген.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында радио борбордун, редакциялык жана көркөм цех корпустары, административдик блоктун жана аппараттык-студиялык комплекстин фасады толук жаңыланган. Аны менен катар ашкана жана мурда жабык турган кинозал толугу менен жаңыланып, конокторду тосуучу VIP-бөлмө кайрадан жасалган.

Соңунда мамлекет башчысы чыгармачыл жамаатты радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.