"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Мамлекет өз жарандарын коргойт

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ар кандай себептер менен Ирандан чыгып кете албай калган кыргыз жарандарынын мекенине кайтып келишине жардам  көрсөткөн. Мындан улам жарандар төрагага ыраачылык билдиришти.

«Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Кыргыз Республикасынын куткарылган жарандары катары сизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.
Акыркы кырдаалдарга байланыштуу, Иран Ислам Республикасында ар кандай себептер менен чыгып кете албай калган Кыргызстандын үч жаранына көрсөтүлгөн жардамыңыз жана аларды аман-эсен мекенибизге жеткирүүгө кошкон салымыңыз жогору баага татыйт. Бул кадамыңыз сиздин мекенге болгон чексиз берилгендигиңизди жана адамгерчилигиңизди айгинелеп турат.
Сиздин аракетиңиз ар бир мекендешке үмүт, ишеним жана колдоо берип, өлкөбүздүн атын даңазалоого чоң салым кошту. Болуп өткөн окуя, сиздин ар бир жаранга кайдыгер эмес экениңизден кабар берет.
Сизге чын дилибизден бекем ден соолук, узун өмүр, талыкпас эмгек жана мындан аркы иштериңизде ийгиликтерди каалайбыз!» — деп жазылат ыраазычылык катта.