«Кадастр» МИ Сузакдагы филиалынын директорунун орун басары «С.З.Т.» кармалды.
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында,» Кадастр» МИ Сузакдагы филиалынын директорунун орун басары «С.З.Т.» кармалды.
«Кадастр» МИ Сузакдагы филиалынын кызматкерлери өзүнүн кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, суу коргоо зонасынын аймагында жайгашкан жер тилкесин «Калктуу конуш» категориясына которуу боюнча тиешелүү документтери, ошондой эле укукту аныктоочу документтери жок болгонуна карабастан берип жибергени аныкталган.
2021-жылдын 5-октябрында КР Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, «Кадастр» МИ Сузакдагы филиалынын директорунун орун басары «С.З.Т.» Жалал-Абад шаарынын ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Аталган мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке 1 миллион 21 миң 560 сом зыян келтирилген. Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда