УКМК жүргүзүп жаткан тергөө жана иликтөө иштеринин алкагында мурда мыйзамсыз менчиктештирилген бир катар социалдык объектилер мамлекетке кайтарылды.
Алсак:
🔹 Аламүдүн районунун Жал айылындагы “Строитель” (12,5 га) жана “В.Дубинина” (7,5 га) аттуу балдар лагерлери,
🔹 Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы ден соолукту чыңдоочу курорттук борбор (1 га) мамлекеттин балансына өткөрүлдү.
Аталган объектилер 1997–2001-жылдары мыйзам бузуу менен менчиктештирилип, балдар үчүн арналган жайлардын ишмердүүлүгү жокко чыгарылып, мүлктөрү сатылып кеткен.

