"Эркин-Тоо"

МАМЛЕКЕТТЕР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР ҮЧҮН МААНИЛҮҮ КҮН

Армения Республикасынын Президенти Ваагн Хачатурян жана Премьер-министр Никол Пашинян Президент Садыр Жапаровду Армения Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношунун 30 жылдыгына байланыштуу куттукташты.

«Акыркы отуз жылдын ичинде биздин мамлекеттердин ортосунда достуктун жана элдерибиздин ортосундагы өз ара урматтоонун салттарына негизделген бекем өнөктөштүк мамилелер түзүлгөнүн кубануу менен белгилейм. Кызматташтыктын келечектүү багыттарын биргелешип издөө, ошондой эле белгиленген пландарды жана долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу эки тараптуу да, көп тараптуу форматта да кызматташуунун потенциалын олуттуу түрдө бекемдейт деп ишенем. Кыргызармян мамлекеттер аралык мамилелери үчүн бул маанилүү күнү чын дилимден чың ден соолук жана бардык ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм» деп айтылат Ваагн Хачатуряндын куттуктоосунда. Ал эми Армениянын Премьерминистри Никол Пашинян куттуктоосунда, акыркы отуз жылдыкта Армения менен Кыргызстан бардык багыттарда жемиштүү, өз ара пайдалуу кызматташууда олуттуу тажрыйба топтогондугун белгилеген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!