Бүгүн, 9-декабрда, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Жантаев бөлүм башчылары жана орун басарлары менен кеңешме өткөрдү. Жыйында жергиликтүү бийликтеги көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды.
Жантаев аймактарда штаттык бирдиктердин аздыгы, айлык маянанын төмөндүгү жана санариптик көндүмдөрдүн жетишсиздиги эң чоң маселелер экенин айтты.
Анын айтымында, өлкөдө 264 жергиликтүү бийлик органы бар — 230 айыл өкмөт жана 34 шаардык түзүм. Алардын ар бири боюнча так жана санариптик маалымат базасын түзүү зарыл.
«Ар бир аймактын экономикасы, калкынын саны, өнүгүү планы, административдик аймагы, учурдагы көйгөйлөрү — баары системалуу түрдө бизде так чагылдырылып турушу керек. Ошого жараша чечим кабыл алып, иш алып баралы», — деди Жантаев.
Ошондой эле мыйзамдуулукту сактоо, ички көзөмөлдү күчөтүү жана бузулууларды болтурбоо боюнча бирдиктүү багытта иш алып баруу тапшырмасы берилди.
Жыйындын соңунда директор протоколдук тапшырмаларды берип, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу жалпы жоопкерчилик экенин белгиледи.

