"Эркин-Тоо"

Мамлекеттик билим берүү стандарты бекитилди

КР МК «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө» токтом кабыл алды. Бул токтом эл аралык билим берүүгө ылайыкташып, улуттун социалдык-маданий мурасын сактоону жана өнүктүрүүнү көздөп, сапаттуу билим берүүгө багытталган.

Токтомго ылайык, бардык жалпы билим берүү уюмдары кайрадан базистик окуу планын, предметтик стандарттарды, билим берүү программаларын жана окутуунун ыкмаларын иштеп чыгышат. Мамлекеттик стандарттын негизинде башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик мекемелерден багыты боюнча гана окутуу талап кылынат. Ошондой эле башталгыч класстар 1- класстан 6-класска чейин; негизги класс 7-класстан 9-класска чейин; орто жалпы: 10-класстан 12-класска чейин деп бөлүнөт.