Фархад Бекманбетов мамлекеттик цирктин жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Бекманбетов өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы жана министрлик анын иштен кетүү тууралуу арызын канааттандырганы айтылат.
47 жаштагы Фархад Бекманбетов бул кызматка 2019-жылы дайындалган.