Мамлекеттик ипотекалык компания биринчи көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүүнү көздөөдө. Алардын бийиктиги 28 кабатка чейин жетет. Бул тууралуу МИКтин ишмердүүлүгү боюнча Еconomist уюштурган жолугушууда мамкомпаниянын төрагасынын орун басары Амантур Оморов билдирди.
Оморов Түркияда жер титирөөнүн кесепеттерине көп кабаттуу үйлөр кулаганына көңүл бурду. Андыктан МИК үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл бурат.
«Биз үйлөрдүн сейсмикалык туруктуулугуна өзгөчө көңүл бурабыз. Түркиядагы акыркы окуялардан улам курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты боюнча суроолор жаралууда. Монолиттүү үйлөрдү куруп, алардын сейсмикалык туруктуулугун текшеребиз», — деди чиновник.
Оморов үйлөр каскаддуу 10, 16, 20 жана 28 кабаттуу болорун баса белгиледи. Иштин сапаты бардык тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан текшерилет.