"Эркин-Тоо"
Экономика

Мамлекеттик IT-мекемелериндеги кызматкерлер 130 миңге чейин айлык алып турушкан

Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Азамат Дыйканбаев Sputnik маалымат булагына берген маегинде, Мамлекеттик IT-мекемелердин директорлору 130 миңге чейин маяна алып турганын айтып, бюджетти үнөмдөө максатында аларды кызматтан кетиргендерин билдирди.

Эске салсак, өткөн жумада «Түндүк» электрондук өз ара аракеттешүү борборунун, «Инфосистема», «Соцсервис», «Транском» жана «Укук» мекемелеринин жетекчилери жумуштан алынган болчу.

Азамат Дыйканбаевдин айтымында, мыйзам боюнча мамлекеттик ишканалар өзүн-өзү каржылап, аны менен катар кирешесинин 50 пайызын бюджетке бериши керек. Ал эми «Түндүк», «Соцсервис», «Укук» мекемелери каражат таппай, дотацияда отурушкан.

«Бул бюджеттик акчаларды кыскартуу, оптимизациялоо, ашыкча чыгымдарды чектөө жана маалыматтык системаны өнүктүрүү үчүн жасалып жаткан иш. Санариптештирүүнү тескеген үч мекеме дотацияда туруп, жыл сайын мамлекеттен акча сурап жашап келишет. Ошого карабай директорлордун бери жагы 86 миң, алды 116 миң сомго чейин маяна алышчу. Сый акы, кошумча жана нормадан ашык эмгек акыларын кошкондо 130 миң сомго жетип кетет. Салыштыруу үчүн айтсак, бюджетке жылына 700 миллион сом киреше алып келген Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетиндеги адистер 20 миң, жетекчиси мен 30 миң сомдун тегерегинде маяна алып турушкан. Биз аларды элден түшкөн салыктар менен багып отурганбыз. Реорганизацияга байланыштуу орун басарларын дагы кызматтан алсак көп чыгым болот. Себеби мыйзам боюнча, кетип жатканда үч айлык акысын беришибиз керек. Эсептей келсек, ар бирине эле 300-500 миң сомдой төлөөгө туура келет экен. Аны төлөбөш үчүн ушундай кадамдарга бардык. Ал эми директорлордуку саясий кызмат болгондуктан компенсация төлөнбөйт», — дейт Дыйканбаев.

Ошондой эле ал мекеме жетекчилеринин орун басарлары дагы 100 миң сомдун тегерегинде маяна аларын белгиледи. Бирок алар кызматтан алынган эмес.

Мындан сырткары, Дыйканбаев бир мекеменин директору санариптештирүү боюнча укуктук-ченемдик актыларын жазууга 3 миллион доллар алууга аракет кылып жатканын белгиледи.
«Дүйнөлүк банктын Digital CASA деп аталган 50 миллион долларлык долбоору бар. Анын алкагында укуктук-ченемдик актыларга өзгөртүү киргизиш керек. Анда 30-40 мыйзам, токтомдор өзгөртүлүп, санариптештирүү кодекси жазылат. Ага 3 миллион доллар алууну көксөп жатышкан, муну сомго которсок 250 миллион сомдой болот. Эми элестетсеңиз, өкмөттө эксперттер 30 миң айлыгы менен ай сайын жүздөгөн укуктук-ченемдик актыларды карап жатышпайбы. Анан бир фирма келип 250 миллион сомго жазып кеткени туура эмес го. Мен муну жөн гана акча адалдоо деп эсептейм», — деди Дыйканбаев.
Ошондой эле ал өлкөнү санариптештирүү токтотулбай турганын, дагы да күчтүү адистерди тартып иштер илгерилерин белгиледи.
«Түндүк» электрондук өз ара аракеттешүү борборун Нурия Кутнаева, «Инфосистеманы” Руслан Токочев, «Соцсервисти» Аман Абдылдаев, «Транскомду» Максат Осмонов, «Укук» мекемесин Улукбек Юсупов жетектеп келген.