Мамлекеттик башкаруудан түшүнүгү кең, кезегинде аким, министрдин орун басары, депутат, вице-премьер-министр өңдүү өңчөй жогорку кызматтарда иштеп келген Абдырахман Мадакимович менен учурдагы административдик аймактык реформанын жыйынтыгы, жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо, кадрлар резерви өңдүү бир катар актуалдуу маселелердин тегерегинде ой бөлүштүк. Тажрыйбалуу мамлекетчил ишмер биздин соболдорубузга ташка тамга баскандай жооп узатты.
— Абдырахман Мадакимович, жакында Президент тарабынан алдыдагы 2 жылга чейин мамлекеттик кызматкерлердин айлык-акысын көтөрүүгө, алардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий жарыяланды. Мындай чечим иштин жүрүшүнө таасирин тийгизбейби?
— Мен көптөгөн жылдар бою мамлекеттик кызматта, тагыраагы, райондо, шаарда, облустук, республикалык борбордук аппаратта кызматкер, жетекчи болуп иштегенмин. Калыстык үчүн айтсак, акыркы 2,5 жылда айлык абдан жакшы деңгээлде көтөрүлүп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын баркы жогорулады. Муну менен билимдүү, тажрыйбалуу, репутациясы таза, мыкты кадрларды тартууга жакшы шарттар түзүлдү. Бүгүн жергиликтүү бийлик органдарында, республикалык, борбордук бийликте, өз алдынча башкаруу органдарында да алардын ишмердигин толук кандуу камсыз кыла ала турган штаттык бирдиктеги аппарат кызматкерлери иштеп жатышат. Акыркы жылдардагы өлкөбүздөгү экономикада, социалдык сферада, жемкорлук менен күрөшүүдөгү өзгөрүүлөр мамлекеттик органдар алдыдагы бир-эки жыл натыйжалуу иштей аларынын кепили боло алат. Ошол эле мезгилде “табит тамак жеп жатканда ачылат” демекчи, кээ бир борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарында штаттык бирдиктердин санын, айлык акыны мындан ары да көбөйтүүгө аракеттер уланууда. Жаңы кабыл алынып жаткан кызматкерлердин сапаты боюнча да суроолор көбөйүүдө. Бүгүн кызматка алуу, аларды даярдоо, кайра даярдоо, өстүрүү, кадрлар резервин түзүү системасына өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы пайда болду. Ошондуктан, Президенттин Жарлыгы абдан туура жана өз убагында кабыл алынды. Негизи мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишмердигине мезгил-мезгили менен функционалдык анализ жүргүзүп, керектүү өзгөртүүлөрдү киргизип туруу зарыл.
— Аймактык реформанын эпкини менен шаардык жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары таратылып, 17-ноябрга шайлоо белгиленди. Асыресе, аймактарды ирилештирүүдөн соң айрым шаар-кыштактардын географиялык жактан талаштуу жерлери бар экендиги айтылып келет. Мындай көйгөйлөр турганда жергиликтүү жана шаардык кеңештерге болгон шайлоо кандай нукта өтөт деп ойлойсуз?
— Ооба, аймактык реформанын негизинде көп аймактар бириктирилип, айыл өкмөттөрдүн, алардын кызматкерлеринин саны кескин кыскарды. Ошол эле мезгилде жергиликтүү кеңештердин курамы автоматтык түрдө эле бириктирилип, саны мурдагы боюнча эле калды. Албетте, жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин санын оптималдаштыруу зарыл. Аткаруу бийлиги менен өкүлчүлүк бийлиги эриш-аркак болуп иштесе гана алдыга жылуу, өнүгүү болот. Эми реформа учурундагы кээ бир талаш-тартыш, мүчүлүштүктөр мыйзам ченемдүү көрүнүш. Реформага макул болбой сындагандар ар дайым болуп келген, дагы деле боло берет. Мүмкүн айрым катачылыктар кеткен болсо, терең иликтеп, оңдоп, түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүп туруу керек. Азырынча реформаны аягына чейин жеткирип, алгачкы жетишкендиктерди камсыз кылуу үчүн тынымсыз иштөө гана керек. Көп нерсе жаңы дайындалып жаткан жетекчилердин ишмердигине байланыштуу. Андыктан, 17-ноябрда өтүүчү шайлоолор өз нугунда эле өтөт.
— Мындан туура 3 жыл башта башталган аким жана орун басарлары, шаар мэри жана алардын орун басарлыгына кадрларды сынак аркылуу резервге тургузуп, дайындоо жемишин бердиби?
— Мындан туура 3 жыл мурдагы акимдер менен шаар мэрлерин жана алардын орун басарларын сынактын негизинде резервге тургузуп, дайындоо өлкөбүздүн тарыхындагы оң жемишин берген алгачкы чоң реформа болгондугун айта алам. Биринчиден, мамлекетибиздин бардык жарандарына мамлекеттик жана муниципалдык кызматка барууга бирдей шарт түзүлүп, өңчөй өң-тааныш, тууган-уруктарды дайындоого бөгөт коюлду. Экинчиден, кызматка барам дегендер электен өтүп, жетекчилердин сапаттык курамы жакшырууда. Ооба, айрым учурларда кадр маселесин чечүүгө катышкан айрым жетекчилер тарабынан туура эмес кадамдар болуп жаткан учурлар бар. Бул жагын да жымсалдабай, ачык айталы да, туурабы? Айрым кадрлар сынактан төмөнкү бааларды алганына карабастан кызматка сунуш кылынып, жогорку кызматка дайындалып калган учурлар да жок эмес. Андайлардын бир нечеси 1-2 жылга жетпей бошотулду. Тилекке каршы, республикалык деңгээлде да мындай көрүнүштөр жок эмес.
— Облустарды жоюу маселеси биздин өлкөдө маал-маалы менен көтөрүлө калаарын жакшы билесиз. Бул маселе кандай нукта чечилсе деп ойлойсуз?
— Азыркы облустар союз учурунан берки көп жылдык тажрыйбаны, өлкөнүн ар кайсы аймактарынын өзгөчөлүктөрүн, тоолуу жергебиздин ар кандай шарттарын, коңшу мамлекеттер менен болгон алаканы жана башка көптөгөн факторлорду эске алуу менен түзүлгөн. Турмуш көргөзүп жаткандай, мамлекетти натыйжалуу башкарууга, өлкөбүздүн өнүгүүсүн, коопсуздугун камсыз кылууга, элибиздин муктаждыктарын чечүүгө жетиштүү деңгээлде көңүл бурууга ыңгайлуу башкаруу системасынын бир бөлүгү. Андыктан, облустарды жоюу мамлекеттик башкарууну начарлатып, өлкөбүздүн коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.
— Борбор калааны өлкөбүздүн башка аймагына көчүрүү учурдун талабы эмеспи? Ички миграциянын айынан баш калаабызга оорчулук келип, көйгөйлөрдү көтөрө албай бараткан жокпу?
— Келечекте ойлоно турган маселе. Бирок, бул эбегейсиз каражат ресурсун, абдан чоң уюштуруу, экономикалык жана башка комплекстүү чараларды талап кыла турган мегадолбоор! Адегенде, “Асман” шаарын куруп, тажрыйба топтоп турганыбыз эле оң. Бүгүнкү күндүн талабы: Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгып, ишке ашыруу.
— Бишкектиктердин убактысы автотыгында гана өтүп, окуучулар менен студенттер сабактан калышса, “Тез жардам” унаасы ооруканага жетпей орто жолдо калган шартта күн көрө беребизби анда?
— Бишкек шаарындагы автотыгындарды жоюу боюнча сөздөн ишке өтүү бүгүнкү эмес, кечеги күндүн талабы. Азыркы жана мурдагы шаар башчылары бир нече жолу шаардын ортосундагы темир жол аркылуу өтмөктөрдү, метро, асма жол куруу жана башка чаралар жөнүндө жарыялашкан. Азырынча андай “гениалдуу идеяларынан” эч нерсе жок. Аракет кылса болот! Бул жагынан коңшу мамлекеттердин, дүйнөдөгү чоң шаарлардын тажрыйбалары белгилүү. Инвесторлор деле табылмак…
— Мамлекеттик кызматтан күткөн бай тажрыйбаңызды уулуңуз Марлен Маматалиев менен да бөлүшүп турасызбы? Же жаңы муундун өкүлү болгон эл депутаты сизден көп акыл-кеңеш сурабайбы?
— Албетте, уулум Марлен менен тез-тез жолугуп турабыз. Жолуга калганда ортобузда көбүнчө үй-бүлөлүк, турмуштук, адамгерчилик жана жеке маселелер, кээде мамлекеттик кызмат жөнүндө да сүйлөшүп турабыз. Марлен балам экинчи жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды. Буга чейин аткаруу бийлигинде бир топ тепкичтерди басып өткөн, өкмөттүн аппаратында жетекчилик кызматта иштеген, жетиштүү деңгээлдеги тажрыйбалуу кадр.
Калыгул Бейшекеев