"Эркин-Тоо"

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун бейнесине сүртүмдөр

Мен республикабыздагы көрүнүктүү саясатчылардын баарын жакындан жакшы билем. Кызмат ишиме байланыштуу өткөн кылымдын сексен-токсонунчу жылдардагы жана эгемендүүлүк мезгилдеги орчундуу саясий окуялардын чордонунда, түздөн-түз катышуучусу болдум. Алар ар кандай кырдаалда өзүлөрүн кандай көрсөтө алышты, ээлеген позициялары, көз караштары, кабыл алган чечимдери кандай болду баары көз алдымда. Өтө курч кырдаалда өзүлөрүнүн чечкиндүү сөзүн айталбай, жалтангандарын да   байкадым. Ушундайлардын айынан үч жолу элдик толкун болуп, президенттер кызматтарынан куулду.

Эл оозунда элдик уул, улут лидери аталууга Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев татыктуу болушту. Республиканын калыптануу, өнүгүү жана гүлдөө доору алардын үлүшүнө туш келди. Өлкөнүн кызыкчылыгын гана ойлогон, мамлекеттик башкаруу принциптерин жакшы билген, аны бекем туткан, элдин эрки менен эсептешкен бийлик гана эл тарабынан колдоого алынары эгемендүүлүк доордо таасын көрүндү.

Президент С.Н.Жапаровдун өлкөнү туруктуу өнүктүрүү багытындагы батыл аракеттери, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөшү эл тарабынан жактырууга ээ болууда. Мындай бийликтен жакшылыкты күтсө болот. Президенттин ишенимдүү, үзүрлүү аракеттери анын командасынын күчтүүлүгүн көрсөтөт. “Вазир жакшы, хан жакшы!, деп бекеринен айтылбайт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы К.К.Ташиев, Мамлекеттик катчы С.С.Касмамбетов жана башкалар мамлекеттин жүгүн, жоопкерчилигин өзүлөрүнө алышкан эр азаматтар.

Элдик адилет бийлик – ынтымактын, ийгиликтин өбөлгөсү. Ушундан улам КР Президенти С.Н.Жапаров элдик наркты, каада-салтты сыйлоого, аны кеңири жайылтууга олуттуу көңүл бурууда. Президенттик биринчи күндөрүндө эле ушул багытта бир катар жарлыктарды чыгарды. Улуттук идеология, байыртадан келаткан наркты-салтты ыйык сактоо, бекем тутуу бардык жакшылыктардын, өнүгүүнүн өбөлгөсү экендигине басым койду.

Мына ушул олуттуу иштердин жүзөгө ашырууда КР Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жан-үрөп, катуу аракеттенүүдө. Эгемендүүлүк доордо бир катар Мамкатчыларды көрдүк. Бирок, С.Касмамбетов алардан айырмаланып, элдин жапырт таанылуусуна ээ болгону сейрек көрүнүш. Анын элдик каада салтты, өткөн-кеткенди, санжыра-уламыштарды жакшы билгендиги, сөзмөрлүгү, эл менен баарлаша, алардын оюндагы-жүрөгүндөгүлөрдү козгой алгандыгы, ой-өрүшү кенендиги аны Элдик мамлекеттик катчы катары тааныта алды. Ар кандай жыйындарда, салтанаттарда анын ар бир сөзү башкалардан мазмундуулугу, угумдуулугу, жеткиликтүүлүгү, кызыктуулугу, ар тараптуулугу менен айырмаланат. Өткөн-кеткендерди бүгүнкү күнгө ылайыкташтырып уккулуктуу айтканына таң калышат. Оозунда сөзү, айтарга кеби, үлгү болор иши бар экенин күн сайын көрсөтүп келет. Мурда көрүнбөй кайда жүрдү эле дегендер да жок эмес… Айтор С.С.Касмамбетов бүгүнкү күндө эл көзүнө көрүнгөн, эл оозуна алынган, анын айткан ар бир сөзү эл кулагына илинген таанымал саясатчылардын бири болуп калды.

Күнү бүгүнкүдөй эсимде, 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде, аталган окуу жайдын тарых факультетинин партиялык уюмунун тагдыр чечер, тарыхый чогулушу болду. Тагдыр чечер, тарыхый дегеним, анда тарых илимдеринин доктору, профессор Сабыр Аттокуровго улутчулдук айыбы тагылып, уруучулдук көз караш мамиленин жактоочусу, жайылтуучусу деген кине коюлуп, анын партиялык жоопкерчилиги каралды.

Профессорго коюлган дооматтар: Сабыр Аттокуров студенттерге этнография боюнча лекция окуганда кыргыздардын уруу-урууга, урук-урукка бөлүнүшүнө көбүрөөк басым жасайт, аны менен тим болбой студенттерден «Сен кайсы уруудансың?» деп сурайт. Кокус, студент өз уруусун билбей калса: «Ар бир кыргыз баласы өз уруусун билиши керек, а сен урууңду билбейт экенсиң» деп басынтат. Уруучулдук идеяларды таратат” деген кинелер эле. Азыр мүмкүн, мунун баары күлкүлүү угулаттыр, ал убакта бул университеттин профессорун кызматтан алып түшөр саясий мүнөздөгү оор айыптоолор эле.

Партиялык чогулушка тарых факультетинин коммунист профессорлору, мугалимдери катышты. Алардын арасында эки-үч коммунист студент да бар экен. Адатта коммунист болгон соң, студенттер да партиялык чогулуштарга катышчу. Мен да жаш коммунист болгондуктан, 1-курстан факультеттин, университеттин партиялык чогулуштарына катышкам. Жөн эле катышып тим болбой, керек болсо сөз сүйлөп, толук кандуу укукка ээ болчубуз.

Партиялык чогулушта күтүлгөндөй эле Сабыр Аттокуровду партиянын катарынан чыгаруу маселеси көтөрүлдү. Ал кезде партиянын катарынан чыгаруу өтө катуу жаза катары каралчу. Эгер профессор партиянын катарынан чыгарылса, анда мамлекеттик статусу бар жападан жалгыз университетте иштөөгө укугу жок болуп, кызматынан да ажырамак.

Партиялык чогулуш мына ушундай чиеленген оор маселеге келип такалып, залды жымжырттык басып, ак чач агайлардын башы жер карады. Ошол маалда Сүйүнбек Касмамбетов аттуу коммунист студент сөз алып, трибунага чыкты. Окуунун алдыңкысы, Карл Маркс атындагы стипендиант экен. Ал трибунага чыгып, ким эмне айтаар экен деп арсар ойлуу тунжураган агайларын кыдырата бир карап алды да, жагымдуу коңур үнү менен агайын жактап сүйлөдү. Апкаарыган да, сүйлөгөн сөзүнөн жаңылган да жок. Сабыр Аттокуров лекцияны абдан кызыктуу өтөрүн, анын ар бир сөзү студенттин көңүлүнө жадыбалдай жат болуп каларын, Кыргызстандын тарыхын окутууда кызыктуу материалдарды колдоно билерин, студенттин ата тегин сурагандын эч кандай айыбы жоктугун, ар бир бала өзүнүн жети атасын билиши керектигин, бул кылымдар келаткан салт экенин айтып, ар бир жүйөсүн далилдер менен тастыктады. Коммунист студенттин айткандары ынанымдуу да, жүйөлүү да чыкты, Сабыр Аттокуровдун студенттер арасында кадыр-баркы жогору экендиги кашкайта далилдеп салды. Куштар чурулдап жатканда бүркүттүн шаңшыганы кулакка өзгөчө угулат го. Мага анын өз оюн, көз карашын тартынбай, түз, таамай айтканы жакты. Буюрса, кыргыздын таламын талашып чыкчу, бычакка сап боло турган жигиттердин бири экен деп ойлоп койдум. Анда мен «Советтик Кыргызстан» гезитинин мектептер, окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы элем. Чогулушка гезиттин атынан катышкам.

Сүйүнбек Касмамбетов менен алгачкы кездешүү мына ушундай болгон. Кийинки биздин жолугушуубуз 1999-жылы болду. Улуу кызым мектепти бүтүп, бүтүрүү кечеси шаардагы ресторандардын биринде белгиленди. Бүтүрүү кечесин алпаруучусу Сүйүнбек Касмамбетов экен. – Ой, бул баягы университетте тың сүйлөгөн жигит турбайбы деп дароо эле тааныдым. Кечени абдан жандуу алып барды. Жамактатып сүйлөп, элди эриктирген да, зериктирген да жок. Адатта, алып баруучулар сөз таап сүйлөй билгенден да, элдин маанайын көрө билип, ошого жараша кечени алпарыш керек эмеспи. Ошол жолу анын укмуштуудай сөзмөрдүгүн байкадым. Сөз байлыгын айта бер, ар бир жолу кезектеги кишиге сөз берип жатканда да кыябын келтирип, угумдуу, жугумдуу сүйлөп, макал-лакаптардан аралаштыра, чокту козгогондой жан дүйнөңдү козгоп турса, өзүң эле ага тартылып, уккуң эле келет экен.

2000-жылы мен Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп калдым. Сүйүнбек Касмамбетов парламентте бөлүм башчы экен. Мына ошерден экөөбүздүн чогуу иштеп, үзөңгүлөш жүрүп, жакын, жылуу мамилебиздин учугу башталды.

Жогорку Кеңеште баш-аягы 21 жыл иштедим, анын 5 жылында аппарат жетекчиси, калган жылдары бөлүм башчы болдум. Сүйүнбек Касмамбетов болсо көп жылдар бөлүм башчы, аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеди.

Ошентип, үзөңгүлөш, ийиндеш иштеп, ортодо муздак жел аралабас жылуу мамиле жаралып, анын баскан жолу тууралуу өз оозунан уксам, анын мамлекеттик кызматтагы аткарган ишине, ишке болгон мамилесине өз көзүм менен күбө болдум.

С.Касмамбетов жаштайынан эле тирикарак, чыйрак, зирек, баамчыл, эмгекчил, мээнеткеч катары элге таанылган экен. 20 жашында СССРдин жогорку сыйлыгы “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган. Андан көп өтпөй Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына ээ болот. Солкулдаган жаш кезинде республикага эмгеги, мээнети менен таанылат.

1993-жылы Жогорку Кеңешке ишке кирет. Эки ортодо бир жылдай Беларуссияда элчиликте экинчи секретарь болуп иштейт. Анан эле 1995-жылы кайрадан Жогорку Кеңештин аппаратына кызматка алынат. Бул жылдар Жогорку Кеңеш саясий окуялардын чордону болуп, не бир мамлекет тагдырын чечер чечимдер, мыйзамдар кабыл алынып жаткан учур болчу. Кыргызстан КП БКнын мурдагы биринчи секретары, улут лидерлеринин бири Турдакун Усубалиев парламентке шайланып, кайрадан саясатка аралашып калган. Сүйүнбек Касмамбетов жардамчы-консультант болуп 5 жыл иштеди. Легендарлуу парламент, анын депутаттары, Т.Усубалиев менен иштешүү анын саясаттагы жетилүү, такшалуу мектеби болгону айныксыз. Кыргызстанды 25 жылга жакын башкарган атактуу, даңктуу киши С.Касмамбетовду өзүнө жардамчы кылып тандаганы бекеринен эмес экени түшүнүктүү. “Акыл оошот, ырыс жугушат” дегендей, Т.Усубалиев менен иштөө менен, ар бир маалыматка, фактыга аяр мамиле жасоону, адамдар менен мамиле кылууну үйрөндү,  көп таалим-тарбия алды, ошол эле учурда Т.Усубалиев тарабынан демилгеленген жана сунушталган ой-пикир, мыйзам долбоорунун, идеялардын авторлошу да болду.

С.Касмамбетовдун жетекчилик уюштуруучулугу, инсандык касиеттери КР Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси, жетекчинин орун басары болуп турганда таасын көрүндү. Парламенттин ишин уюштуруу, мыйзам долбоорлорун даярдоо, кароого киргизүү, аткарылышын контролдоо, анын сапаттуу жана жогорку деңгээлде болушун камсыз кылуу Жогорку Кеңештин Аппаратына байланыштуу болот. С.Касмамбетов дээрлик чейрек кылым ушул иштерди кынтыксыз, өз убагында так, сапаттуу аткарууну камсыз кылды.

Сылык-сыпаа, жайдары мүнөзү, улуу-кичүүгө бирдей мамилеси, бой көтөрбөгөнү, бир калыпта жүргөнү анын кесиптештери арасындагы кадыр-баркын көкөлөтүп турду.

Кыскасы, ал парламентте баар тапты. Зор кадыр-баркка ээ болду. Эмгеги мамлекеттик сыйлыктарга арзыды. Эгемендүү өлкөнүн “Даңк” медалы, КРнын Ардак грамотасы, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген кызматкери наамына татыктуу болду.

С.Касмамбетов ар тараптуу, терең билимдүү, таланттуу инсан. Тарыхты, маданиятты мыкты билет. Чыгармачыл инсандар, өнөр адамдарынын арасында абдан белгилүү. Өзү да чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлүп өсүп, тарбияланган. Атасы айтылуу манасчы, ары төкмө Сапарбек Касмамбетов болсо, апасы белгилүү педагог, драматург, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Асангүл Абдыгулова. Жаштайынан куйма кулак, сөзгө ынак өскөн.

Сүйүнбектин айтымында, алардын үйлөрүнө манасчылар, акындар көп келчү экен. Ал өзү менен теңтуш балдар менен текирең таскак салып ойноп кетпей, үйгө келген залкар адамдардын колуна суу куюп, батасын алып, алар улуу сөздүн учугун улап сүйлөшүп жатканда, атасынын этегин баса отуруп, сөздүүлөрдөн сөз жуктурган. Уктаса да, турса да кулагына “Манас” эпосу баштаган элдик дастандар, санжыра, уламыштар жаңырып турса, анын баары жаш Сүйүнбектин көкүрөгүнө уялап, түбөлүк руханий кенч болуп жыйыла берген да. Анүстүнө тубаса куйма кулактык, улуу сөзгө ынактык, атадан балага кан аркылуу өтүп отурбайбы. Анын төкмөлүгү да, сөзмөрлүгү да атадан балага өткөн өнөр.

Атасын тартып ал да кээде колуна комузду алып ырды сабалатып, жамгырдай нөшөрлөтүп төгүп иет. Тарыхты, санжыраны, элдик нарк-насилди мыкты билет. Аябай сөзмөр. Чечен. Тубаса таланттуу. Мен ага “Сенин ордуң Жогорку Кеңеш эмес экен, аппарат жетекчисинин орун басарлыгы бул убактылуу нерсе, ал унутулат. Түбөлүктүү нерсе — бул өнөр. Сенин атыңды өнөр  чыгарат. Жок дегенде эмгек сиңирген артист болуп калмаксың. Ушул өнөрдү бекер таштагансың” деп тамаша чындан көп айттым. Өзү да бу акын менен айтыштым, тиги төкмө менен төгүштүм деп калат. Эгер ал колуна комуз алып жамактап, төкмөлүктүн артынан түшкөндө, айтылуу төкмөлөрдүн бири болмок.

Эми чынында тагдырдын пешенеге жазганына деле өктө кылып, өкүнгөндө болбойт, мамлекеттик иш да өнөр, мамлекеттик кызматта сааттай так, адилет, калыс иштөө баарынын колунан келе бербейт. Мамлекеттик кызматка да таланттуу адамдар керек. Ушул өңүттөн алганда ал Жогорку Кеңеште да абдан жакшы иштеди. Жогорку Кеңеш Сүйүнбек Касмамбетов үчүн такшалуунун кайталангыс мектеби болду. 2020-жылы жаңы бийлик келгенде, анын Жогорку Кеңештеги жетик жана жөндөмдүү аппарат кызматкери экенин жакшы билишкендиктен, президенттик аппаратты жетектөөгө алып келишти.

Анын мамлекеттик иште бышкандыгы, уюштуруучулук таланты, кыраакылыгы 2020-жылдын айтылуу күзгү саясий окуяларынан кийин тарыхый кыйчалыш мезгилде көрүндү. Кыска аралыктын ичинде өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кылуу үчүн президенттик аппараттын ичиндеги олку-солкулукту жок кылыш керек эле. Мындай кыйчалыш кырдаалда Президенттин аппарат жетекчисине, анын уюштуруучулук талантына, саясатчылар, саясий топтор, мамлекеттик кызматта тажрыйбасы бар кадрлар менен ийкемдүү сүйлөшө билүүсүнө көп нерсе байланыштуу. Себеби бийлик алмашып жатканда кадр алмашуулар өтө көп болот, айрым кадрлар жаңы бийлик менен иштешсемби деп арсар болсо, мурдагы бийликтин тушунда иштеген кадрлар жаңы бийликтин ишине бут тосуп, каршы иштерди жасайт, же башка бир кызмат десе кайсы бийлик менен иштешүүгө даяр, бирок ишин тартып кете албаган, жөндөмсүз кадрлар пайда боло калат. Мына ушул алкеш-чалкеш президенттик аппараттын ишиндеги ийкемдүү, сааттын чыкылдаганындай так ишти жолго коюуда С.Касмамбетовдун аппаратта иштеген көп жылдык тажрыйбасы даана көрүндү.

Анан калса аппарат жетекчиси бир эле президенттин аппараты менен алек болбойт. Министрликтердин, облустук, райондук администрациялардын башчылары ким болот, кандай кадрларды тандоо керек, жайгаштыруу аппарат жетекчисинин кызматтык милдетине кирет. Президенттин аппаратында да көп жаңылануу болду. Кадрлар: бөлүм башчылар, аппарат кызматкерлери дээрлик алмашты.

Ал кыска аралыктын ичинде, тагыраагы революциялык кырдаалда аппараттын ишин тартипке салууда, элдик толкун тарабынан куулган, чачылган, талкаланган мамлекеттик аппараттын, эмне кыларын билбей эси оогон министрликтрдин, жер-жерлердеги мамлекеттик органдардын ишин жөнгө салуу, уюштуруу, жарлык, буйруктарды кабыл алуу, аны аткаруучуларга тез жеткирүү, контролдоо, талап кылуу, иш-чараларды өткөрүү иштерин кынтыксыз уюштура алды. Өзүн тарыхый олку-солку кырдаалда мамлекеттик масштабдагы уюштургуч, өтүмдүү жетекчи экендигин көрсөттү. Уюштуруучулугу, жөндөмдүүлүгү, тажрыйбалуулугу даана, таасын байкалды.

Саясий-тарыхий иш-чаралар – президенттик шайлоо жана референдумдардын таза, ачык өтүшүнө бараандуу үлүш кошту. Айрыкча, жаңы Конституцияны иштеп чыгууда, кабыл алууда да С.Касмамбетов көп эмгек сиңирди. Жаңы Конституциянын лингвистикалык-экспертизалык комиссиясынын төрагасы мен болдум.

Жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык, мамлекеттик катчы кызматы кайрадан киргизилди. Мурда 2010-жылы жаңы Конституция кабыл алынып жатканда Мамлекеттик катчылык кереги жок деп жоюп салынган.

Ошентип, жаңы бийлик тушунда “Мамлекеттик катчы ким болот?” экен деп күтүп калышты. Ошондо мен өзүм демилге көтөрүп, Кыргызстандагы аттуу-баштуу кишилер менен кеңешип, Мамлекеттик катчы кызматына Сүйүнбек Касмамбетов татыктуу деп президентке кайрылуу жөнөттүк.

Мында биз, демилгечил топ, Президенттик башкаруу өлкөлөрдө мамлекеттик катчы өтө маанилүү, орчундуу, өлкөнүн эң түйүндүү маселелерин чечкен кызмат орду экенин, ал президенттин оң колу, эң ишенимдүү, тилектеши, максатташы, идеялашы, жөлөк-таянычы болушу керектигин, мамлекеттик кызматта зор тажрыйбасы, кадыр-баркы, саясий салмагы бар, ыр-чырга, коорупциялык иштерге аралашпаган, тар чөйрөнүн, бир партиянын, топтун кызыкчылыгын көздөбөгөн, акыл калчаган, асыл ойду, бийик максатты, түбөлүк баалуулуктарды, адам эркиндигин, укугун туу туткан, билимдүү, жогору адамгерчиликтүү, элге алымдуу, улуу-кичүүгө, баарысына тең караган, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү күчтүү, калыс, адилет, бардык жагынан жетик адам болушу зарылдыгын көрсөтүп, С.Касмамбетов мына ошондой артыкчылыктарга ээ экендигин белгиледик.

Анын тубаса сөзмөрлүгү, чечендиги, улуттук наркты, тарыхты билгени, чыгармачылык үй-бүлөдөн өсүп чыкканы, болгондо манасчынын канынан жаралганы анын Мамлекеттик катчы кызматы үчүн ар тараптан төп келерин да баса айттык. Улуттук идеологиянын жолго коюлушу, анын ар бир адамга жетиши, жеткиликтүү болушу Мамлекеттик катчы кызматында ким турса ошого байланыштуу  болмок. А улуттук идеология дегенибиз кооз сөз эмес. Анын өзөгү — жаңы Конституцияда белгиленген ата-бабаларыбыздын наркын, салтын ыйык сактоо, элибиздин тарыхый-маданий баалуулуктарын аздектөө, биримдикти, ынтымакты бекемдөө, мамлекеттүүлүктү чыңдоо, руханий өнүгүүнү камсыз кылуу болуп саналат.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери бир топтор Мамлекеттик катчы болуп кызмат кылышты. Алардын арасында, жөндүүсү да жөнтөгү да, жер чечегин безеген чечендери да, глобалдашкан дүйнөдөн кеп салган кыялкечтери да болбой койбоду. А Мамлекеттик катчылыккка улуттун нарк-насилин жарлаган, улуттун руханий баалуулуктарын туу туткан, саясий кутумчулуктан алыс, карапайым элге жакын инсан керек эле. Биз жана эл күткөндөй С.Касмамбетов өзүнүн тубаса жөнөкөйлүгү, нарк билген бийик касиети менен карапайым элге алымдуу, элдин сүймөнчүгүнө айланган, көпчүлүктүн көөнүндөгүнү түшүнө билген, айта алган Мамлекеттик катчы боло алды. Мына ушул жөнөкөйлүк аны ар дайым көкөлөтүп, кадыр-баркын бийиктетип турат. Кемелине келип, баралына толуп, бардык жактан бышып, Мамлекеттик катчылык кызматты өз деңгээлинде ишенимдүү алып бара жатат.

 

 

                                                                                                                      А.Султанбаев

КР Журналисттер союзунун төрагасы,

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!