"Эркин-Тоо"

Мамлекеттик кызматкерлер жыл соңуна чейин турак жайларын камсыздандырууга тийиш

Бул тууралуу «Токтом» порталына жарыяланды. Маалыматка ылайык, чечим «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
«Мамлекеттик, муниципалдык ишканалар менен мекемелердин, ошондой эле мамлекеттин үлүшү 50 пайыздан ашык болгон чарбалык коомдордун кызматкерлери өздөрүнө тиешелүү турак жайларын камсыздандырууга милдеттүү. Ал эми мамлекеттин үлүшү 50 пайыздан төмөн болгон чарбалык коомдордун жана жеке менчик юридикалык жактардын кызматкерлерине турак жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу сунушталат», — деп жазылган маалыматта.
Пример HTML-страницы