Алмазбек Примов Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды, деп билдирет Президенттин басма сөз кызматы.
«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Примов Алмазбек Абдыакимович Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигин Канатбек Тургунбеков жетектеп келген.