Мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу, айрым жеке тарапка өтүп кеткен мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу, ишканаларга колдоо көрсөтүү иштери ишке ашууда. Бул багыттагы иштер тууралуу, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Алмазбек Примов айтып берди.
ин карамагындагы мүлктөр тууралуу айтсаңыз. Аны менен катар азыр киреше көрсөткүчү боюнча кайсы ишканалар алдыда?
— Мамлекеттик мүлк өзүнүн ишмердүүлүгүн Министрлер Кабинетинин алдында жүргүзөт. Негизги максат – мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу болуп саналат. Мисалы, 2024-жылдын 20-декабрына карата мамлекеттик мүлктү башкаруудан республикалык бюджетке 31 миллиард 824,9 миллион сом түштү. Бул 2023-жылга салыштырганда 133,8 % пайызга көп болду. 2020-жылы мамлекеттик мүлктү башкаруудан республикалык бюджетке болгону 2 миллиард 807,4 миллион сом түшкөн, быйылкы көрсөткүч 2020-жылга караганда 29 миллиард сомго көп болду. Негизинен бюджетке 5 ири акционердик коомдон каражат түшкөн. Алар «Кыргызалтын», «Айыл Банк», «Элдик Банк», «Кыргызстан Аэропорту», «Кыргызнефтегаз» болуп эсептелет.
— Мындай көрсөткүч эмненин негизинде аткарылды?
— Бул жылы Маммлекеттик мүлктү башкаруудан түшкөн акча каражаттарынын негизги бөлүгү дивиденддерден камсыздалды. Тагыраагы дивиденд – бул акционердик коомдордун пайдасынын бир бөлүгү. Маселен, 2020-жылы республикалык бюджетке 2 млрд 176 млн сом дивидендден түшкөн. 2024-жылы 21 млрд 376 млн сом түшүп, 5 жылдын ичинде бюджеттин киреше бөлүгү дээрлик 19 млрд сомго жогорулады. Мындан тышкары мамлекеттик компанияларды капиталдаштыруу саясаты ишке ашууда. Бул максатта мамлекеттик компанияларды колдоо максатында ири мамлекеттик компанияларга республикалык бюджеттен акча каражаттары бөлүнүп, алардын уставдык капиталы көбөйтүлүүдө. Ошондой эле акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын активдери 2020-жылдан баштап эки эсе өскөнү байкалган.
— Азыркы тапта канча мамлекеттик ишкана бар, алар рыноктук шартта өзүн актап жатабы?
— Мамлекеттик мүлктү башкаруунун дагы бир маанилүү тармагы – бул мамлекеттик ишканалар менен иштөө. Бүгүнкү күндө биздин агенттик 61 мамлекеттик ишкана менен иш алып барат. Ага улай, ишканаларды кайра уюштуруу жана жоюу жолу менен мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2021-жылы мамлекеттик ишканалардын саны 103 болсо, 2023-жылы 59га чейин кыскарган. Мисал катары, Айыл чарба тармагындагы 22 мамлекеттик ишкана биригүү жолу менен 4 мамлекеттик ишканага айланган. Акыркы 9 айда мамлекеттик ишканалардын таза пайдасы 3 млрд сомду түздү. Жалпы киреше 20,5 млрд сом, чыгашасы 17,4 млрд сом болгон. Акыркы 2 жылдан бери мамлекеттик ишканалардын каржылык көрсөткүчтөрү өстү. Анын себеби, салыктык жана салыктык эмес которуулардын эсеби менен байланыштуу. Ал эми иши токтоп турган айрым ишканаларды мамлекет колдоп, иштери жанданды. Атап айтсак, Майлуу-Суу лампа заводу 40тан ашык электр лампаларынын түрүн чыгарып, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздап жатат. “Кыргызиндустрияда” да өндүрүш цехтери иштеп жатат. Мындан тышкары, акыркы кездери өлкөдө түстүү жана кара металлдардын калдыктары мамлекеттик бюджетке жакшы киреше алып келүүдө. Анткени, 2 жыл мурда Президенттин Жарлыгы чыгып, анда кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кара металлдардын куймаларын эритүү үчүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынып, «Металлпром» филиалы түзүлгөн болчу. «Металлпром» филиалы түзүлгөн учурдан тартып бардык мамлекеттик органдар жогоруда аталган мекемеге сыныктарды жана калдыктарды сатып өткөрүшөт, эми андан ары сатуудан түшкөн каражаттардын бөлүгү республикалык бюджетке бөлүштүрүлөт. Белгилей кетсек, «Металлпром» филиалы түзүлгөнгө чейин мамлекеттик ишканаларда сатылган түстүү жана кара металлдардын саны жөнүндө маалымат болгон эмес.
— Мамлекетке өтүп жаткан мүлктөр кандай чечилет?
— Мамлекеттин менчиги болгон айрым мүлктөр жеке тараптарга ар түрдүү, мыйзамсыз негизде өтүп кеткени боюнча сот органдары жана башка тараптар иш алып барышууда. Айрым жеке тараптарга өтүп кеткен мүлктөрдү мамлекетке кайтарып алуу ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ишке ашырууда. Биздин агенттик мүлккө тиешелүү нотариалдык иштерге жоопкер. Кайтарылган мүлктөр болсо министрликтерге жана башка тиешелүү тараптарга берилүүдө. Алардын катарын үй, жер, базар, бала бакча имараттары, кеңселер, кампа, чарбалык, акционердик коом жана башкалар түзөт. Мындай иштер аймактар боюнча да жүрүүдө.
Мээрим Бактыбек кызы