"Эркин-Тоо"

Мамлекеттик машина-трактордук станция ачылды

Сокулук районунда «Кыргызмамасылтукумзавод» мамлекеттик ишканасынын базасында мамлекеттик машина-трактордук станция (МТС) ачылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, аталган ишкана Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментине караштуу.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев жана министрликтин жооптуу кызматкерлери катышты.

Мамлекеттик машина-трактордук станциянын ачылышы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине байланыштуу жана 100 ири объектини ачуу алкагында ишке ашты. «Кыргызмамасылтукумзавод» мамлекеттик ишканасы өзүнүн машина-трактордук паркын толуктоо үчүн «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКтан лизинг келишиминин негизинде жалпы суммасы 45 млн сомго Кытайдан жасалып чыгарылган SINOMACH үлгүсүндөгү 9 даана тракторун жана 36 даана айыл машиналарын сатып алган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!