"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Мамлекеттик мүлктү башкарууда 948 млн сомдук мыйзам бузуулар бар

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши кезектеги отурумунда Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте 2024-жылдагы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн жана аткарылышынын шайкештик аудитинин жыйынтыктарын карады. Аудит 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жүргүзүлгөн. Жыйынтык тууралуу баяндама Эсептөө палатасынын аудитору Жузупбек Нурматов тарабынан берилди.

Аудиттин жүрүшүндө ченемдик талаптарга жана финансы тартибине шайкеш келбеген жалпы 948,4 млн сомдук иш-аракеттер аныкталды. Анын ичинен 32,2 млн сом финансы мыйзам бузуулары катары катталса, 2 млн сомго жакын каражат кайра калыбына келтирилди. Дивиденддер боюнча 37,4 млн сом карыз топтолуп, анын 27,3 млн сомун айып пул катары эсептөө фактылары белгиленди.

Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө дагы олуттуу көйгөйлөр табылган: 33,9 млн сомдук финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, 28,7 млн сом каражат бюджетке түшпөй калган. Айрым материалдар укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлгөн.

Эсептөө палатасы мамлекеттик ишканалардын материалдык-техникалык базасын жаңылоого шарт түзүү максатында 2023-жылы кабыл алынган чечимди өз учурунда ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ага ылайык, 2022–2025-жылдар аралыгында мамлекеттик ишканалар таза пайдасынын 50 пайызын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багыттоого укуктуу.

Аудиттин жыйынтыктары мамлекеттик активдерди башкарууда ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти жогорулатуу, ижара жана дивиденддер боюнча карыздарды өндүрүүнү камсыз кылуу, мамлекеттик ишканалардын отчеттуулук жана натыйжалуулук деңгээлин күчөтүү, ошондой эле укуктук баа берилиши мүмкүн болгон фактылар боюнча тиешелүү органдарга материалдарды берүү зарылдыгын көрсөттү.

Аудиттин толук корутундусу Эсептөө палатасынын расмий сайтында жарыяланат.