«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет элдик жарандардын учурдагы 3% өлчөмүндөгү камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын жумушчу-жарандары үчүн 27,25% өлчөмүндө белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерине теңдөө болуп саналат.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандары менен чет элдик жарандардын социалдык камсыздандыруу жаатындагы милдеттерин бирдей аныктоого багытталып, бул аларга кийин пенсиялык камсыздалуусуна бирдей укук берет.

Белгилей кетсек, чет элдик жарандардын социалдык камсыздандыруу системасына толук кандуу катышуусунун эсебинен пенсиялык системанын труктуулугу күчтөндүрүлөт.

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст