Жогорку Кеңеш тарабынан үчүнчү окууда жактырылган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам долбоору кол коюуга Президентке жиберилди. Президент кол коюп, бул мыйзам күчүнө кирсе анда мамлекеттик органдар милдеттүү түрдө колдоно турган тилге айланат. Бул мыйзам 34 жылдан бери сунушталып, бирок улам кийинкиге жылдырылып келгенин эске алсак, кандай орчундуу мыйзам экени дароо белгилүү болот. Албетте, мыйзамга мурда да, азыр да каршы чыккандар болду. Алар ар кандай жүйөөлөрдү бетке кармашат.
Кыргызстан эгемендүү өлкө болуп, кырмызы туусун желбиретип, кыргыз тилин мамлекеттик тил кылып кабыл алган, али эсил кайран СССР жашап турган тээ 1989-жылдарда, андан кийин да Орус Думасынын бир дагы депутаты, саясатчысы каяша пикир айткан эмес. Ал эми азыр Россияда ашынган шовинизм, улутчулдук маселеси укмуштай күчөгөнүн көрүп таң калдым. Россия ТИМинин өкүлү Мария Захарова өткөн жумада Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда колдоого алган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамга нааразы экенин ачык эле жазыптыр. Мария Захарова мындай дейт: “Мыйзамдын кабыл алынышы титулдук эмес калктын, анын ичинде биздин мекендештердин укуктарына жагымсыз таасир тийгизиши мүмкүн. Биз бул тууралуу кыргыз кесиптештерибизге мурда да бир нече жолу айтканбыз. Алар бул мыйзам долбоору орус тилин жокко чыгаруу максатын көздөбөй турганын билдиришти. Ошондуктан союздаш катары Кыргызстандын жетекчилиги кыргыз тилин өнүктүрүү менен бирге эле орус тилин да колдоого алып, тил саясатын тең салмакта жүргүзөт деп ишенебиз”.
Мария Захаровага эскерткибиз келет, Кыргызстан эгемендүү мамлекет, ал кыргыз тили тууралуу кандай мыйзам кабыл алса өзү билет, өз эрки. Ага сырттан кимдир бирөөнүн кийлигишкенге эч кандай укугу жок.
Акыркы мезгилде кыргыз тили тууралуу сөз болсо эле Орус Думасынын депутаттары, айрым чиновниктер чыга калып аны төө бастыга алууну адат кылып алганы өкүндүрөт. Мурда бул ролду маркум Владимир Жириновский аткарып келсе, кийинчерээк депутат Светлана Журова деген айым чыкты. Ал Бишкек шаарындагы райондордун аталыштарын кыргызчалоо тууралуу Жогорку Кеңеште сөз болгондо “бул деген орус тилин жок кылууга жасалган кадамдар… Владимир Путинге айткыла, Кыргызстандык кесиптешине эскертүү берсин” деп айгай салган. Андан кийин жогоруда айткандай, Россия ТИМинин өкүлү Мария Захарова пайда болду.
Ал ортодо Россиянын “Валдай” эл аралык талкуу клубунун үчүнчү Борбор Азия конференциясына Кыргызстандын атынан барып катышып келген Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекованын айланасында ызы-чуу чыкты. Ал “биз Борбор Азияда Конституциясында орус тили расмий тил деп жазылган сейрек көрүнүштөгү мамлекетбиз. Кыргызстандын аймагынын 90 пайызын Спутник берүүсү камтыйт. Мектептерде окутуу орус тилинде, кыргыз тилинде бирдей укукта жүргүзүлөт. Айрым “улуттук крокодилдердин” жактырганына карабай жогорку окуу жайларда орус тилинде окутуу басымдуулук кылат” деди. Айнур айымдын кыргыз тилинин күйөрмандарын “улуттук крокодилдер” деп атаганы коомчулукта, парламентте катуу сынга кабылды. Депутат Камила Талиева: “Анын сөзү боюнча “улуттук крокодилдер” эне тилин сактап калгысы келгендер. Ал кыргыздарды шылдыңдап жатат. Элимди шылдыңдаганга эч кимге жол бербейм. Мейли вундеркинд болсун, элди мазактоого эч кимдин акысы жок. Биз Айнур Жоробекованын кызматтан кетишин талап кылабыз!” деди. Жыйынтыгында Айнур Жоробекова элден кечирим сурады.
Жогорку Кеңеш жактырган кыргыз тили тууралуу мыйзам күчүнө кирсе, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, депутаттар, аскерлер, соттор, менчигинин түрүнө карабастан мамлекеттик жана жеке менчик окуу жайлардын кызматкерлери жана алардын жетекчилери, саламаттык сактоо мекемелери, педагогикалык жана илимий ишмерлер ж. б. кыргыз тилин билүүгө жана кыргыз тилинде иш алып барууга милдеттүү болушат.
Президент Садыр Жапаров жакында Ысык-Көлдө өткөн Борбор Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен болгон жыйында бир баяндамасын кыргыз тилинде жасады. Эң сонун. Чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген бардык Президенттерди расмий кабыл алууда да кыргыз тили колдонулуш керек. Өкмөттүк, эл аралык, ич ара чоң, кичине жыйналыштардын баары кыргыз тилинде өтүшү абзел. Мен бул оюмду өлкөбүз эгемендүү болгон 32 жылдан бери айтып келатам. Ошондо кыргыз тили саясаттын, өндүрүштүн, маданияттын, Кыргызстанда жашаган бардык элдердин улут аралык жалпы тилине айланат.
Түркияга барган адамдар жакшы билет. Түрктөр адам турсун итти деле түркчө сүйлөтүп жиберет. Анткени алар үйдө, көчөдө, жумушта, иш-чарада, жыйындарда, базарларда, бардык жерде түркчө сүйлөшөт. Мен биздин атка минерлерге, чиновниктерге таң калам. Ак үйгө, кызматка жеткенге чейин «кыргыз тилинде сүйлөш керек, иш кагаздарын кыргызча жүргүзүш керек» деп сайрашат да, кызматка жетери менен кыргыз тилин чанып, орусча сүйлөгөнгө, иштегенге өтөт. Токтомдорду, мыйзамдарды адегенде орусча жазып, анан келегей, азыркы чала кыргыздардын тили менен айтканда «күлкүмүштүү» кылып кыргызчага которушат. Орус тилине жармашканыңарды качан таштайсыңар, деги? Алыска барбай коңшубуз Казакстанды алалы. Союз кезинде Борбор Азияда эң орусташып кеткен эл казактар эле. Алар эгемендүү мамлекет болгон отуз жылдын ичинде казак тилин чыныгы мамлекеттик тилге айландыра алды. Ал турсун латын алфавитине өткөнү жатат. Өзбекстанды айтпай эле коелу. Тууганыбыз, түрк элинин Президенти Режеп Тайып Эрдоган Америкага барабы, Африкага барабы, Азияга барабы, бардык жерде өз тилинде сүйлөйт. Мына, кечээги инаугурациясында келген конокторго деле, бир тууган түрк элдеринин президенттерине деле, НАТОнун башчысы Столтенбергге деле түркчө кайрылып, ыраазылык билдирип жатат. Биз Эрдогандан үлгү алышыбыз керек. Азыр кыргыздын улан-кыздары дүйнөлүк тилдерде түш жоруйт. Ааламдагы орчундуу башка жаңылыктарды, окуяларды өз убагында, учурунда видеосу менен кыргызча берип турууну колго алуу керек.
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
№45 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 6-июну