Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2023-жылдын 18-декабрына чейин “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо чечимин кабыл алды.
Мындай кадам “КР мамлекеттик тили жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына ылайык жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган мамлекеттик тилдин үч айлыгынын аткаруу максатында өтөт.
Буйрукка ылайык, үч айлыктын алкагында министрликке караштуу бардык мекемелерге иш кагаздарын “КР мамлекеттик тили жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына ылайык мамлекеттик тилде жүргүзүү, улуттук үрп-адат, каада-салттарга байланыштуу көргөзмөлөрдү уюштуруу, Ч. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде спектаклдерди коюу, Ч. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган көркөм жана даректүү тасмаларды республика боюнча кинотеатрларда көрсөтүү, көркөм окууларды жана кыргыз китептеринин көргөзмөлөрүн уюштуруу, министрликке караштуу окуу жайларда Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган материалдарды маалымат каражаттары аркылуу чагылдыруу жана телерадио компанияларында көрсөтүү тапшырмасы коюлду.