"Эркин-Тоо"

Мамлекеттик Улуттук орус драма театрынын директору кызматына кандай документтер керектелери айтылды

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик Улуттук орус драма театрынын директору кызматына документтер кабыл алынат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251“Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик Улуттук орус драма театрынын директорунун бош кызмат орунуна документтеди кабыл ала тургандыгын жарыялайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы №278 “Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө” Токтомуна ылайык комплекстин башкы директорунун кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
“Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарындагы иш стажы 3 жылдан кем эмес же төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
-Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик Улуттук орус драма театрынын өнүктүрүү программасы;
-резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),
-автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
-кадрларды эсепке алуу баракчасы;
-нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
-нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
-илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
-паспорттун көчүрмөсү.
Бардык документтер папкага тиркелип, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2022-жылдын 20-августуна чейин тапшырылууга тийиш (саат 18:00 чейин).
Дареги: Бишкек ш., Пушкин көч., 78, №1 кабинет (саат 9.00дөн 18.00гө чейин), байланыш телефону: +996 312 662683.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!