"Эркин-Тоо"

“Манас” аэропорту тарапта жаңы автобекет курулат

Бишкекте дагы бир жаңы автобекет “Манас” аэропорту тарапта курулат. Бул тууралуу  Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Ал эми унаа базарынын жанындагы автобекет убактылуу иштейт.

Курулуш иштери аяктаганга чейин Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткенге унаалар ушул жерден жөнөп кетет. Бекет убактылуу болсо дагы, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө зарыл шарттар түзүлдү, — деди мэр. Эске салсак, ордо калаанын Батыш автобекети 23-октябрда жабылган.