«Манас» эл аралык аэропортунда жыл башынан бери келип кеткен жүргүнчүлөрдүн саны 1,5 млн адамдан ашты. Бул тууралуу аты аталган ачык акционердик коомдун генералдык директору Бакыт Шаршеев Жогорку Кеңештин транспорт жана коммуникация комитетинде билдирди.
Анын айтымында бул көрсөткүчтөр 2020-жылга салыштырмалуу 93% жогору.
«Авиа жүк ташуулар боюнча айта кетсек, 2021-жылы 10 миң 500 тонна жүк ташылган. Ошондой эле бул жылы «Манас» эл аралык аэропортунда 13 миң 840 рейс каттаган, башкача айтканда былтыркыга салыштырмалуу 62% көп болгон деди компаниянын башчысы.