"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

«Манас» аэропортунда электр кубаттагычтары бар унаа токтотуучу жай курулууда

«Манас» эл аралык аэропортунда электр кубаттагычтары бар заманбап унаа токтотуучу жай курулууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  жаңы унаа токтотуучу жай 180 орунга ылайыкташып, анын ичинен 60 орун VIP залдын конокторун камсыз кылууга арналган. Калган бардык коноктор үчүн дагы 120 орун бар, алар дагы электр кубаттоо кызматтарынан пайдалана алышат. Бул чечим электр унааларын колдонууну стимулдаштырууга жардам бермекчи. Мындай кадам жүргүнчүлөр жана аэропорттун коноктору үчүн  ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Куруу иштерине байланыштуу VIP залга кирүү «Манас» эл аралык аэропортунун негизги кире бериши D/C секторлору аркылуу аткарылууда.