"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Медицина

«Манас» аэропортунда санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Саламаттык сактоо министрлиги өлкө аймагына Нипах вирусунун кирип кетишине жол бербөө максатында «Манас» эл аралык аэропортунда санитардык-карантиндик иштерди жүргүздү. Айрыкча Индиядан келген жүргүнчүлөргө өзгөчө көңүл бурулууда.

Иш-чаралардын алкагында Саламаттык сактоо министринин орун басары Рыспек Сыдыгалиев Бишкек–Дели–Дели–Бишкек эл аралык авиакаттамында санитардык-карантиндик көзөмөлдүн уюштурулушун текшерип, жугуштуу оорулардын белгилери бар жүргүнчүлөрдү өз убагында аныктоо иштерине баа берди.

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Санжарбек Темирбеков жана Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Чолпон Шамсутдин зарыл санитардык-карантиндик чаралар толук камсыздалганын маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-февралында Индиядан келген авиакаттам менен Кыргыз Республикасына 158 жүргүнчү учуп келген. Учурда Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун жана «Манас» аэропортунун санитардык-карантиндик пунктунун медицина кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Калктын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында эл аралык каттамдар менен келген бардык жүргүнчүлөрдүн дене табы милдеттүү түрдө текшерилет. Дене табы 37,5°С жана андан жогору болгон учурларда жүргүнчүлөр дароо изоляцияланып, белгиленген тартипте медициналык жардам көрсөтүлөт.