"Эркин-Тоо"
Иш-жума

“МАНАС” ЭПОСУ АТУУЛДУККА АРБАГАН УЛУУ КҮЧ!

4-декабрь өлкөбүздө “Манас” эпосунун күнү катары белгиленип келет. Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров жалпы элге куттуктоосун жолдоду. Мамлекет башчысы куттуктоосун “Манас атанын кадырлуу урпактары!” деп баштап “Манас” эпосу атабабаларыбыздын кылымдар кыйырын сыдырган тарых-тагдыры, урпактарына калтырган улуу сабак санаты, нускалуу турмуштук тажрыйбасы деп белгиледи. Элибиздин идеологиясы да, философиясы да, руханий өзөгү да болуп келген «Манас» эпосун кеңири жайылтуу, даңазалоо жаатында бир топ ишаракеттер жасалып жатканына кыскача токтолуп, “Манас” эпосубуз өсүп келе жаткан жаштарыбыздын каны менен тең айланып, атуулдукка арбаган улуу күч болуп, Кыргыз Республикасынын жүзү, намысы, аброю бойдон кала берсин!”, — деген каалоосун билдирди.

Бегим ТУРДАЛИЕВА